www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарында жашоочуларга ысык суу берилген түтүккө кыпчылып калганда куткарылган адам жол кырсыкка кабыл, ооруканага жеткирилгенден кийин качып кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн Турмуш басылмасына билдиришти.
Маалыматка караганда, жол тескөөчүлөр Кемин районунун аймагында «ВАЗ 2101» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок 1987-жылы туулган айдоочу токтобостон жолун уланткан. Жол көзөмөлдөөчүлөр анын артынан түшүп, Токмок шаарынын кире беришинде, тактап айтканда темир жолдун аймагында унаа башкаруусун жоготуп, жолдон чыгып кеткен. Бул убакта тескөөчүлөр окуя болгон жерге келип калышкан. Андан кийин алар айдоочуну спирт ичимдигин ичип же ичпегенин текшерүү үчүн ооруканага алып келишкен.
Айдоочу оорукананын тосмосунан секирип, качып кетүүгө жетишкен. Андан кийин каралбай калган цех (от казандар жайгашкан аймак) аркылуу өтүп, суу түтүктүн астына жашынып калган. ЖКККБнын кызматкерлери аны алып чыгууга аракет кылганда айдоочу суу жана тамеки алып келүүнү суранган. Жыйынтыгында тескөөчүлөр ӨКМдин куткаруучуларын чакырышкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин айдоочунун аялы чакырылып, ал күйөөсүн коллектордон чыгууга көндүргөн.
«Айдоочунун жаныда докуметтери жок болгондуктан өздүгүн аныктоо үчүн Токмок ШИИБге жеткиришкен. Ал унааны мас абалда башкарып жүргөн», - деп айтылат маалыматта.
Окуя тууралуу:
Токмок шаарындагы жашоочуларга ысык суу берилген түтүккө кыпчылып калган адам куткарылды. ӨКМ маалымдагандай, Токмок шаарындагы куткаруучулар өмүрүн сактап калган адам 1982-жылы туулган В.И. (эркек киши) экени такталган.
Окуя кечээ, 16-август күнү саат 08:00 чамасында болду. Ал эми күбөлөрдүн айтуусунда, куткарылган адам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерден качып барып, түтүктүн алдынан өтүүгө аракет кылган. Бирок андан өтө албай, кыпчылып калган.
«Милиция кызматкерлери унааны башкарып келе жаткан айдоочуну тоскондо токтобой кеткен. Артынан кууп чыкканда айдоочу Жеңиш жана Украина көчөлөрүнүн кесилишине унаасын таштап, өзү качып кеткен. Ал ысык суу кеткен түтүк менен жердин ортосунан сойлоп өтөм деп ойлогон. Бирок ортодо кыпчылып калыптыр. Аны милиция кызматкерлери чыгара албай, куткаруучулар чыгарды», - деди окуянын күбөсү.
Учурда ал айдоочунун абалы канааттандырарлык.
Булак: NazarNews.kg