www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин NazarNews маалымат агенттиги моргдо опузалап акча талап кылуу фактылары тууралуу жазган. Бүгүн, 24-июлда Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун эксперттеринин опузалап акча талап кылууга тиешеси бардыгы такталганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-июль күнү   социалдык тармактарда  Ош шаарынын тургуну И.Х. аттуу жаран,  анын жолдошу У.У.  2020-жылдын 9-июль күнү “COVID-19” илдетинен каза болуп, анын жансыз денесин сойдурбаш үчүн Ош облустук мейиткананын кызматкерлери Х.И.нын  уулу И.  А.дан  20 000 сом акча талап кылышып, андан 10 000 сом акча алышкандыгын, ал эми санитардык кызматкерлер 3 000 сом алгандыгы тууралуу   билдирген. 

Ошол эле күнү бул факт Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын түштүк регионундагы бөлүмүнүн (Ош шаары)  КЖБРне   Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  203-беренесинин  2-бөлүмүнүн  2-пунктундагы (алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) боюнча катталып,  сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө жана ыкчам иштерин жүргүзүүдө 2020-жылдын 22-июль күнү Ош облустук соттук медициналык бюросунун кызматкерлеринин бири   Ош шаарынын аймагында Х.И.га 10 000 сом акчаны кайтарып берип кеткендиги аныкталган.   Ошол эле учурда Х.А. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнө (Ош шаары) алып келип өз ыктыяры менен тапшырган.

Ал акча каражаттарына кароо жүргүзүлүп,  далил буюм катары таанылган.     
Мындан ары иликтөөнүн  жүрүшүндө Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун бюросунун кызматкерлери 1967-жылы туулган К.А., 1974-жылы туулгаг Д.Н. жана 1977-жылы туулган Н.К. бул кылмышка тиешелүү экендиктери аныкталды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында алардын кыймыл аракетине юридикалык баа берүү багытында тергөө иштери улантылууда.

Родственники умерших жалуются на вымогательство в морге, чтобы не проводили вскрытие

Врачи ошского морга вернули деньги семье, заплатившей за тело

Булак: NazarNews.kg

Последние новости