www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүзгө белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов менен баарлашып, жакында өтө турган парламенттик шайлоо тууралуу ой бөлүштүк.

--Саламатсызбы Мамбетжунус агай, 4 – октябрда боло турган парламенттик шайлоо тууралуу Сиз менен сүйлөшөлү...

--Макул.

--Бул шайлоого катыша турганын 44 саясый партия айкынга чыкты. Сиз ошолордун канчасы парламенттин курамына өтөт деп турасыз?

--44 партиянын ичинен, менин пикирим боюнча, үч партиянын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Булар «Биримдик», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан».

--Эмне үчүн?

--Мунун эки жүйөөлүү себеби бар. Биринчиси, булар өздөрүнүн курамына бүгүн парламентте олтурган депутаттарды топтой алды. Булардын депутат болуп кайра шайланышана акча каражаттары да, колдогон шайлоочулары да жетиштүү. Экинчиси, ушул үч партиянын курамындагы депутатыкка талапкерлердин басымдуу бөлүгү өлкөбүздүн президенти С Жэнбековдун жүргүзүп жаткан саясатын лоялдуу караган инсандар. Ошондуктан алардын депутаттык мандатка ээ болушуна бийлик деле каршылык кылбайт деген ойдомун.

--Бул көрүнүш элге жакшыбы, же жаманбы?

--Мунун элге жакшы да, жаман да жери бар. Жакшы жагы, жаңы шайланган парламенттин курамын бийликке лоялдуу депутаттар түзөт. Ошондуктан бийликтин программаларынын ишке ашышына жакшы шарт түзүлөт. Жаман жагы, аталган партиялардын депутаттыкка талапкеринин негизги бөлүгүн бүгүнкү депутаттар эле түзөт. Ошол депутаттардан учурунда катуу күйгөндүктөн, бүгүн камакта олтурган өлкөбүздүн мурунку Президенти А. Атамбаев, алардын чекесине "чимкириктер" деген өчпөс так басып салган. Ошол "чимкириктердин" кайра депутат болуп шайланышына кыргыз элинин басымдуу бөлүгү каршы. Муну өлкөбүздүн Президенти С. Жээнбеков деле билет деп ойлойм. Бул биринчиси. Экинчиси, тилекке каршы, бийликке лоялдуу делген партиялар, кырдаал курчуганда бизде дайыма бийликти сатып кетишет. Мисалы, Акаевди "Алга Кыргызстан" саткан, Бакиевди – "Акжол", Атамбаевди – "КСДП" жана башкалары сатышкан. Кудай сактасын, кырдаал курчуса ушул аталган үч партия деле С.Жээнбековго сыртын салышаары бышык. Бул бүгүн деле байкалууда. Эгер С.Жээнбеков элге жарыялаган идеяларын ишке ашыргысы келсе, анда ошол идеяларды колдоп жаткан инсандардын парламенттин жаңы курамына кирүүсүнө ал көмөк көрсөтүшү керек.

--Алар кимдер?

--Аларды орустар «несистемная оппозиция» десе, бизде аларды көчө оппозициясы деп жээришет. Чындыгында, алар элдин көйгөйлүү маселерин көтөрүп жүрүшкөн, өлкөгө кызматы өткөн, белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер. Эгер алар бир партияга биригип, «парламентти чимкириктерден тазалайлы» деген ураан менен шайлоого аттанса, андай партияны бүгүн, эл кош колдоп колдогону турат. Мындай партия парламентке өтсө, парламентте накта оппозиция жаралып, элдин көйгөйлүү маселери парламенттен угула баштамак. Себеби жогоруда аталган үч партия, акча каражаттарынын кубатуулугунан, С.Жээнбеков кааласа, каалабаса да, баары бир жаңы парламенттин курамына болушат.

--Сиздин пикириңиз боюнча ушул аталган үч партиядан сырткары парламенттин жаңы курамына дагы бир партия болуш керек экен да. Туурабы?

--Туура. Андан сырткары деле партия болушу керек. Парламенттин курамына кирүүгө башка партиялардын деле мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, «Бүтүн Кыргызстан», «Бир бол», жана башкалар. Бирок алар жогоруда аталган үч партиядай болуп шайлоого өз өздөрүнчө катышса, алардын жеңишке жетиши күмөн. Ошол эле учурда биригүү деген маселе «Бүтүн Кыргызстан», «Бир бол» сыяктуу партиялар үчүн өтө оор маселе. Себеби башка партияга бириккен партия, өзүнүн калоосун, белдүү адамдарынын үмүтүн пастатышы керек болуп калат. Себеби биригүү маселеси дымактуу партиянын шартында болбосо, ишке ашпай турган маселе. Ошого карабастан жогоруда аталган үч партиядан сырткары, шайлоого аттанган партиялардын ичинде кандайдыр бир биригүүлөр болору бышык. Биригүү маселеси ар дайым кандайдыр бир максаттын негизинде боло тургандыктан, мындай кырдаалда, бийлик да өзүнүн максатын бириктирүү жолу менен ишке ашырууга умтулушу керек.

--Рахмат маегиңизге.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости