www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дубайдагы көп кабаттуу имаратта энеден туума жылаңач фотосессия кылган модель кыздар жана аны уюштурган россиялык бизнесмен Алексей Концов депортацияланды.
Апрель айынын башында көп кабаттуу үйдүн балконунда жылаңач кыздар жүрөт делген видео социалдык тармактарга тарап, коңшу жашаган тургундардын нааразычылыгын жараткан. Буга байланыштуу полиция Концов жана аны менен кошо украиналык 12 модель кызды кармаган. Кийинчерээк Дубай шаарынын соту аларга тагылган айыпты четке кагып, бирок баарын өлкөдөн депортациялаган.
Россиялык ишкер РИА Новостиге окуя тууралуу баяндап, фотосессия жасоого уруксат алганын айткан.
«Моделдерди украиналык Виталий Гречин алып барган, аны менен январда таанышкам. Мен жашаган үйдүн мыкты рестораны менен бассейни бар эле. Виталий ошол жерде кыздар менен эс алып, купальникчен фотосессия жасашкан. Албетте, буга мекеменин администрациясынан уруксаты бар болчу. Тартуу иштери бүткөндөн кийин кыздар мен жашаган үйгө көтөрүлүп кийимин алмаштырышкан. Ал эми балкондо бир саамга гана турушкан», — деп айткан Концов.
Бул учурда бет маңдайындагы бийик имаратта жашаган адам видеого тартып алган. Бирок ал дагы камалган, себеби Дубайда мындай кадрларды тартууга жана интернетке чыгарууга тыюу салынат. Ал эми россиялык ишкерге кылмыш ишин козгоого жана айып салууга негиз табылган эмес.
Булак: NazarNews.kg