www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Ооганстандын келечеги боюнча ролун аныктоо үчүн жакынкы арада Пакистанга карата мамилесин карап чыгат. Бул тууралуу 13-сентябрда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Конгрессте сүйлөп жатып билдирди.

"Биз Пакистан соңку 20 жыл ичинде кандай роль ойногонун карап чыгып, өзүбүздүн да жакынкы жылдарга карата багытыбызды аныктайбыз", - деди Блинкен Ооганстанда бийликти талибдер басып алгандан бери Конгресстеги алгачкы сөзүндө.

Блинкен Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетинде сүйлөп жатып Пакистандын көптөгөн кызыкчылыктары арасында Кошмо Штаттардын кызыкчылыктарына дал келбегендери бар экенин айтты.

Бул аптада Блинкен Конгрессте эки жолу маалымат берет. АКШ президенти Джо Байдендин администрациясы Ооганстанга байланыштуу сынга кабылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости