www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесин текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялаган жок.

Президент Садыр Жапаров эл аралык стандарттагы унааларды каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоо боюнча тендерден кийин Мамлекеттик мекемени текшерүүнү тапшырган.

Тендер 21-июлда жарыяланып, эки компания арыз тапшырган. Бирок тендер жокко чыгарылып, 26-августта текшерүү башталган.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы: «Текшерүүнүн жыйынтыгы 13-сентябрда чыгарылып, коомчулукка жарыяланат», -деп билдирген.

Кечээ, 13-сентябрда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башчысы Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Министрлер кабинети анын эмне себептен бошотулганын айткан жок.

Ошондой эле, Министрлер кабинети буга чейин айтылгандай, 13-сентябрда мекемени текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялаган жок. «Унаа» мамлекеттик мекемеси жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости