www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемияга байланыштуу өткөн жылы Россияда чет элдиктерге миграциялык каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген болчу.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештерге кайрылып, мигранттарга берилген жеңилдиктин мөөнөтү 30-сентябрда аяктай турганын эскертти.

Россиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен мигранттардын эпидемиологиялык кырдаалдан улам өлкөдө жүрүү боюнча документтеринин мөөнөтүн узартуу талабы коюлган эмес.

Жарлык күчүндө турган учурда Россиядан чет элдиктер миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортацияланбайт. Бул учурда мигранттарга өлкөдө убактылуу жүргөнү үчүн документтерди (анын ичинде визаны) узартып зарылдыгы жок. Келген жерге каттоого туруу жана туруктуу жашап жатканы боюнча да кагаздарды узартуу керектелген эмес.

Аталган жарлык 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирип, 2021-жылдын 15-июнуна чейин иштеген. Кийин эпидкырдаалдан улам мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылган.

"Элчилик Кыргызстандын жарандарына 30-сентябрга чейин Россиянын аймагында жүрүүнү мыйзамдаштырууну жана бардык зарыл болгон жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткарууну дагы бир жолу суранат. Ошондой эле миграциялык каттоого кайрылууда жумуш берүүчү менен расмий эмгек келишимин түзүү керектигин белгилейбиз. Жок болсо, полиция айып чараларын колдонот. Буга чейин эки ирет айыпка жыгылган жана өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынган адамдар 30-сентябрга чейин өз ыктыяры менен Россиядан кетип калышы керек", — деп кайрылды элчилик.

Уруксаты бар деген статуска ээ чет элдик жарандар жана туруктуу жашоого уруксат кагаз алгандар, 2020-жылдын 15-мартына чейин чыгып кеткендер 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, аны узартып алуусу керек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости