www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер пранк тартуу учурунда окко учуп каза болду

АКШнын Теннеси штатынын 20 жаштагы жашоочусу видеоблогер Тимоти Уилкс пранк тартуу учурунда окко учуп каза болду.

Видеону эки жигит Youtube-ка жүктөгүсү келген. Маркум менен анын досу колдоруна бычак алып, бир топ адамга жакындай башташкан. Каршы беттеги адамдын бири Тимотиге ок аткан.

23 жаштагы Дэвид Старнс полицияга билдиргендей, ал тамаша видеого катышып жаткандыгын билген эмес. Ал эки бычак менен куралданган кишинин жакындап келе жатканын көргөн кезде өзүн-өзү коргоо максатында ок чыгарганын айткан.

Кылмыш бир нече үй-бүлө турган балдар паркынын жанында болгон.

Старнска эч кандай айып тагыла элек, бирок тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери бул окуянын тергөө иштерин улантып жатышат.

Мамлекеттик мыйзамга ылайык, курал-жарак сатып алуу жана каттоо үчүн атайын уруксат талап кылынбайт.

Youtube-да тамаша оюндарды уюштурган видеолор көп кездешет. Бирок, көпчүлүк учурларда, катышуучуларга кырдаал жөнүндө алдын ала эскертүү берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости