www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Сыдыман эркиндикке чыкты

Блогер Сыдыман боштондукка чыкты. Бүгүн Бишкек шаардык соту блогер Сыдыманга байланыштуу ишти карап, тергөө маалында үй камагына алуу боюнча өкүм чыгарды.

Ага 313-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, Октябрь РИИБи тарабынан  кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган эле.

Буга чейин Элмир Сыдымандын апасы Махабат Молдомусаева президентке кайрылуу кат жазып, баласына эскертүү деле жетиштүү болмок экендигин айтып, баласы үчүн кечирим сураган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости