www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макаланын баш темасы айтып тургандай, биз мындан эки-үч сан мурда баштаган – жеп-жутарлыкка талапкерлердин шайлоодогу элдин башын айлантмай стратегиясы тууралуу кебибизди улантабыз. “Шайлоодо баары боло берет! Же депутаттыкка умтулгандар эмнеге элдин башын айландырганды адат кылып алышты?”- деген аталышта мурдараак жарыяланган макалабыз карапайым калк тарабынан жакшы кабыл алынды. Анткени, элдин дагы көзү эчак ачылган, алар ким эшигин сагалап келип, алдагысы келип жатканын илгертпей түшүнүп калышкан. “Кайрадан элди алдамай, фэйк маалыматтарды таркатып, жакшы көрүнүүнү көздөгөндөр аренага чыгышты. Булардан эл капкачан эле жадап бүтпөдү беле! Буга чейин да тоодой убадаларды берип жатышты, бирин да аткарышкан жок, себеби, булар үчүн эшеги ылайдан өтсө болду! Бетиндеги маскасын сыйрып алып, кайра жалганды айтып, чыга беришет тура...”- деп, биз өзүбүз аңдабай, дал туурасынан чыгыптырбыз, же орусча айткандай – “попали в точку”!

Ажобуз Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экономикасы сырткы жардамсыз, өз алдынча өнүгүп кетүүсү кыйын экенин жакшы билет, ошондуктан өлкөдөгү инвестициялык климат боюнча бир нече жолу жыйын-жолугушууларды өткөздү, жогорку деңгээлдеги чиновниктерди, айрыкча министрлер менен губернаторлорду ар дайым ар бир инвесторго сый-урмат менен мамиле кылуусун талап кылганы жалганбы? Өлкөбүздө иштеп, бюджетке кыйла салым кошуп келе жаткан инвесторлорду коргоо – өкмөттүн кечиктирилгис милдети экендигин премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев дагы тынымсыз айтып келе жатат. Андыктар, мамлекет жетекчилеринин күнү-түнү бул жатта иш алып бара жаткандыгынан улам, акыркы жылдары Кыргызстандын инвестициялык климаты кыйла жакшырып, аттуу-баштуу компаниялардын кыызыгуусу күч алууда. Бул абдан жакшы көрүнүш, себеби, инвестиция келген өлкөдө өнүгүп-өсүү сөзсүз орун алат. Сырткы жардамды керек болсо бай өлкөлөр дагы алат, бир дагы мамлекет инвестиция жок болсо, жыргал турмушту элине алып келе албайт. Бул турмуштун чындыгы. Цивилдүү өлкөлөрдө бюджетин байытууга салым кошкон инвесторду алаканга салып, коргошот. А бизде кандай? Кыргызстан акыркы учурларда жармапатриоттордун өлкөсүнө айлана баштаганы жалганбы? Бул дарт айрыкча шайлоо башталганда күч алат. Быйыл да парламенттик шайлоого аттанган айрым саясатчылар, депутаттар өлкөнүн келечегине зыян алып келе турган билдирүүлөр менен элдин башын айлантып чыга башташты, себеби алар “өзүм үчүн өлөм!”- деген принцип менен иш алып барат. Өзгөчө, 4,5 жылдан бери шайлоочуларын унутуп, бир басып барбаган депутаттарга тил бүтүп, эл үчүн күйгөн мекенчил инсан болуп чыга келгенин көргөндө аргасыздан күлкүң келет. “Эй, Эштек, мурда кайда жүрдүң эле?”- деп сураган адам жок. Шайлоодон шайлоого чейин өз чөнтөгүн калыңдатуунун гана аргасын кылып жүрүп атса, кантип анан алар элди ойлосун! Ошентип акчанын артынан кызыгып чуркап жүрө берип эле бир күн көздөрүн ачып карашса – мөөнөтү аяктап, шайлоо жакындап калган болот. Артын караса кылган бир да иши жок. Анан элдин алдына кантип барат? Баягы эле көнүп калгандай, алдамай, баш айландырмак, кызыл кулактык. Бирок, алдаганда да “по делу” кылышса бир жөн. Булар чектен чыгып кетип жатышпайбы! Атүгүл, элге күйгөн мекенчил инсан, патриот көрүнөм деп жатып, араңдан алып келген инвесторлорду үркүтүүгө өтүшкөндөрү бүгүн кашкайып көрүнүп жатпайбы. Булар өздөрү деле калп сүйлөп жатышканын билишет... Бирок, айла жок, депутаттыкка жетүү үчүн башка жол жок! Мына мисалы, жакындан бери алабукалык бир депутат “акыйкаттын символу” катарында катуу добуш чыгара баштады. Бул кишинин айтканына ишенсек, Ала-Бука районунда “Бозымчак” жез кенин иштетип жаткан казакстандык инвестор “КАЗ Минералс Бозымчак” компаниясы жергиликтүү экология менен жолдорду талкалап жатыптыр. Бул ырды биз мурда да укканбыз. Жергиликтүү активисттер (алар негизинен компанияга тигил же бул себептен ишке орношо албай калгандар) түз жерден ызы-чуу чыгарышып, “алтындарды ташып чыгып кетип жатышат”, “уулуу заттар сууга куюлуп жатат”, “концентрат ташыган унаалары уруксат берилгенден ашыкча жүктөшүп, жолдор анын айынан талкаланып жатат”- дегендей ушактарды жайылтып, митинг да уюштуруп ийишкен. Эми чындыгын айтканда, буга комментарий бериштин деле кереги жок, себеп дегенде мунун баары миң ирет текшерилип, тийешелүү мамлекеттик органдар бир да мыйзам бузууну тапкан эмес. Ошондуктан тынчып калган, кыйкырып жүрүп айрымдары кызматка орношконун дагы уктук. Мына ошол теманы биз атап өткөн депутат кайрадан көтөрүп чыкты. Жогорку Кеңештин профилдик комитетине элди чогулутуп алып, уялбай калптын баарын ышкыртып жатпайбы. Куру сөз, далилденбеген ушак экендигин абдан жакшы билип турса да, көздөрү жайнап, элге күйүмүш этип, арзан саясий пиар жасап жатат. “Ала-Бука районун полигонго айланып салышты...” – деп айтканы гана туура. Себеби, ээнбаш чиновниктердин айынан миңдеген фирмаларга алтын казып алууга лицензиялар берилип кеткен, алар негизинен кытайлар. Мына ушул кытайлар Ала-Бука, Чаткал өрөөнүн полигонго айлантып алышкан, себеби, бири да экологиялык талаптарды сактабайт, тийешелүү салыктарды төлөбөйт. Башкача айтканда, илгерки доорлордогудай алачыктарды тигип алышып, алтын чайкап жатышканын эл көрүп, билип турат. Бир нече жолу карапайым калк бул фирмалардын ишин токтотууну талап кылган, натыйжада өзүбүздүн милициядан таяк жешип, алды камалып чыгышты. Ошончолук эл үчүн күйгөн депутат экен, ошол маалда кайда жүрдү эле? Эли токмоктолуп жаткан учурда барып, таламын талашпайт беле?! Жоок, ал кезде бул депутатка элдин кереги жок болчу. Эми кыйкырып чыкканы – ага элдин добушу керек! Депутаттын ушундай стихиялык түрдө кен ишетип жаткан фирмалардын катарына казакстандык компанияны кошкону чынында күлкү келерлик. “КАЗ Минералс Бозымчак” ар дайым ачык иштеген компания. ММК өкүлдөрү, мамлекеттик жетекчилер үчүн тынымсыз тур уюштуруп, баарын ачык көрсөтүп турушат. Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап, милдетин так аткарып келе жатышканын белгилеп кетүү керек. Бүгүнкү күнгө чейин “КАЗ Минералз Бозымчак” компаниясы бюджетке 4,4 млрд сом салык жана башка төлөмдөрдү төлөгөн. 2019-жылдын жыйынтыгын ала турган болсок, КР бюджетине 1 млрд 97 млн 863 миң сом салык ж.б. жыйымдардан түшкөн. Жалпысынан, ушул убакка чейин компания Кыргызстанга 596,6 млн долларлык инвестиция жумшаган. Учурда 1200гө жакын адам жумуш менен камсыз болушкан, анны 43 пайызы жергиликтүү калктын өкүлдөрү. Жалпылап алганда, кенде иштегендердин 95 пайызы Кыргызстандык жарандар болуп эсептелет. Көрүнүп тургандай, казакстандык инвестор кыргыз бюджетине олуттуу салым кошуп келе жаткан саналуу ишканалардын бири. Аягында айтаарыбыз – депутаттыкка умтулуу дээринен жаман эмес көрүнүш, бирок, эптеп эле өтүш үчүн элге калпты урдурта берүү туура эмес, бул акыр-аягы өлкөгө зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, элге чыгып сүйлөгөндө этият болсок...

Азирет ЖЕТИГЕНОВ

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости