www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Элмирбек Сыдымановдун соту башталып, отурум техникалык себептерге байланыштуу башка күнгө которулду. Бул тууралуу Сыдыман журналисттерге билдирди.

“Дисктерди көрүшмөк. Компьютери иштебей калып, 2-июнга которушту”, - деди Сыдыманов.

Эске сала кетсек, блогер ушул жылдын 18-февралында Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Блогер үй камагына чыккандан бир нече ай өтүп, бүгүн, 1-июнда элге төмөндөгүдөй кайрылуу жолдогон. 

“Менин соттук ишим бүгүн, 1-июнь күнү саат 14:30да Октябрь райондук сотунда өтөт. Жеке оюм боюнча, соттук иш өтө кооптуу абалда турат. Мени сөккөн адамдарга сөгүү менен жооп бергендигим үчүн 7 жарым жылга эркимден ажыроо коркунучу турат. Мүмкүн сиздердин сотко келип катышууңуздар коомдун көзөмөлү менен сөз эркиндигин сактоо катары бааланып, адилеттүү чечим чыгып калат деген үмүттө кайрылып жатам. Эмоция абалында сөгүнгөндөргө сөгүү менен жооп берген сөздөрүмө 313-беренени таңуулоо өтө ашыкча деп ойлойм. Азыр социалдык тармактарда ким гана сөгүнгөн жок.

Апам президент Сооронбай Жээнбековго эне катарында дагы бир ирет кайрылуу жасады. Кайрылуу каттын көчүрмөсү ушул катка тиркелди. Чындап келгенде, өткөндө апамдын кайрылуусу таасир берип, үй камагына чыгарылдым окшойт. Ага сиздердин маал-маалы менен чыгарган жаңылыктар, элдин пикири жана албетте, президенттин көзөмөлү таасир берди деп ойлойм. Болбосо бул 313-берене менен үй камагына чыгуу болбойт экен. Себеби бул берене өтө оор кылмыш катары бааланат экен. Апамдын жазган сөздөрү толук кандуу чындык. Чынында эле биздин үй-бүлөгө учурда жөлөк болчу жалгыз адам менмин жана биздин жашоо-шарт дагы деле начар. Соттон сот уланып жатып, жактоочуга дагы акчабыз калбай бара жатат. Баш-аягы 6 сот болду. Сөгүнгөнүм үчүн жаза алып келе жатканыма 4 ай болуп калды. 7 жарым жылдык чечим чыкса бул аша чапкандык”, – деп жазган блогер Сыдыман.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айып тагылган. Бул берененин негизинде адам жети жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости