www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-майда “Теплые ключи” курортунун эс алуучулары жаңы туулган эликтин баласын таап алышты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди.

Өздүк булактын айтымында, алар аталган курортто эс алып жүрүшкөн. Ошол учурда эликтин баласын таап алышкан. Жаңы туулган чаарчыкты таштап кете алышпай “Бугу-Эне” коомдук фондуна байланышып, аларга жеткирип беришкен.

NazarNews маалымат агенттиги “Бугу-Эне” коомдук фондунун директору Салтанат Сеитовага байланышканда, ал чаарчыктын абалы жакшы экенин айтты.

“Жаңы алып келгенде абалы начар болчу. Эки күн 10-20 граммдан эчкинин сүтүн куюп жаттык. Азыр абалы бир аз жакшы болуп калды. Сыртынан карап, туулганына 3-4 күн болгон деп айта алам. Чаарчыктын жакшы болуп, мындан ары жашап кетишине болушунча аракет кылабыз. Ал туулганда эле энесинен бөлүнүп калды. Кантип жашап кетүүнү билбегенине байланыштуу корукта калат. Бүгүн, 01-июнда Экотехинспекция келип, аны каттап кетти”,-деп “Бугу-Эне” коомдук фондунун директору Салтанат Сеитова билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости