www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарындагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда анализ үчүн зааранын ордуна берилген чай менен ширенин (сок) аралашмасынын жыйынтыгын чыгарып беришти. Бул тууралуу Каракол шаарынын тургуну Рыскелди Арыкманов билдирди.

Ал экспериментин Ютубдагы каналына да жарыялаган. Р.Арыкманов мындай кадамга облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун лабораториясы анализдин жыйынтыктарын туура эмес чыгарат деген ушак-айыңдардан улам барганын билдирди.

«Досума анализ тапшыра турганымды айттым. Ал поликлиника шире, чай алып барсаң деле жыйынтыгын чыгара берет экен деди. Анан коомдук активист катары текшерип көрүүнү чечтим. 28-май күнү кечинде шире менен чайды аралаштырып, 29-майда эртең менен лабораторияга барып, өткөргөм. Андан кийин медайымга телефон чалып, анализдин жыйынтыгы качан чыгарын сурадым. Ага биринчи күнгө чейин күтө албасымды айттым (29-май жума болчу). Медайым жыйынтыгы түштөн кийин, саат 15:00-16:00 чамасында чыгат деди. Анан мага телефон чалып, анализимдин жыйынтыгы даяр болгонун айтканда бардым. Канча киши ишенип анализ тапшырып жатат? Алардын арасында кош бойлуулар да бар. Алар анын жыйынтыгы менен дарыланат», - дейт Рыскелди Арыкманов.

WhatsApp Image 2020-06-01 at 14.40.02

Журналист окуянын чоо-жайын билүү үчүн облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаев менен байланышты. Ал Рыскелди Арыкмановдун билдирүүсүн четке какты.

«Бул чындыкка дал келбейт. Анткени анализден суу же чай экени дароо билинет. Тыгыздыгынан, салыштырма салмагынан билинип калат. Бул жаран кара пиар жасап жатат», - деди ал.

М.Сагынбаев анализдердин жыйынтыгын чыгара турган аппараттар жаңы экенин кошумчалады.

«Аппараттардын баары замандын талабына жооп берет. Аларды 2019-жылдын декабрь айында Саламаттыкты сактоо министрлиги 2 млн сомго сатып берген. Учурда заара текшерген аппараттан башкасынын баары жаңы», - деди М.Сагынбаев.

Аталган облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун анализ алуу жайында бир дарыгер, 4 медайым иштейт. Бир күндө 50-60 заара анализи, 70-80 жалпы жана биохимия анализдери алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости