www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Анда интернетти укуктук жөнгө салуу киргизилет. Башкача айтканда, интернетте маалымат тараткан ар бир адамга, анын ичинде блогерлерге массалык маалымат каражаттары деген статус берилет. Белгилей кетсек, түзөтүү социалдык тармактардын колдонуучуларына да таасирин тийгизет, анткени алар интернетте маалымат таратышат.

Чет элдиктер жалпыга маалымдоо каражаттарынын негиздөөчүсү боло албасы такталган. ЖМКларды 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайра каттоодон өткөрүү сунушталууда. Андан өтпөй калгандар жоюлган болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg


Последние новости