www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Bloomberg» агенттиги Орусия Федерациясында дүйшөмбүгө караган түнү чет элдик валютадагы суверендүү карыз боюнча дефолт болгонун жазды. Дефолт — кредиттик келишимди аткарбоо, башкача айтканда, карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздарды же негизги карызды өз убагында төлөп бербөө.
Америкалык басылма өлкө бир нече ай бою Украинадагы жаңжал чыккандан кийин Батыш өлкөлөрү киргизген санкцияларды айланып өтүүгө аракет кылганын түшүндүрөт.
Бирок жекшемби күнү түштөн кийин, 27-майда, төлөнүүгө тийиш болгон 100 миллион долларга жакын пайыздык төлөмдөрдүн жеңилдетилген мөөнөтү бүттү жана бул окуя дефолт деп эсептелинет.
Учурда өлкөнүн еврооблигациялары март айынын башынан бери көйгөйлүү деңгээлде соодаланып жатат, борбордук банктын валюталык резервдери тоңдурулган бойдон калууда, ири банктар дүйнөлүк каржы системасынан ажыратылган.
Ошол эле маалда, «Bloomberg» белгилегендей, азырынча дефолт символикалык мүнөзгө ээ жана 10 пайыздан ашык инфляцияга, акыркы жылдардагы эң начар экономикалык төмөндөөгө туш болгон орустар үчүн анчалык деле мааниге ээ эмес».
Өз кезегинде орусиялык РИА «Новости» агенттиги буга чейин Орусиянын Каржы министрлигинин башчысы Антон Силуанов Орусия Федерациясында эмне үчүн дефолт болбогонун түшүндүрүп бергенин жазган. Силуанов өлкө бардык милдеттенмелерин аткарууга даяр экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg