www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Бөдөш Аманбаевна, жакында эле болуп өткөн Мээрбек Мискенбаевдин Медиа Форумуна Жогорку окуу жайлардын студенттери чакырылганы ачыкка чыкты. Негизинен бул көрүнүш бул мыйзамга дал келеби?
--Терең изилдеп чыгып студенттерди буйрук менен жүгүртөк Мискенбаевдин жыйынына жөнөткөндөр аныкталып, биринчи КР Билим Берүү министрлиги, ошол эле окуу жайлардын ректорлоруна мыйзам чегинде чара көрүү керек. Студенттерди окуудан алагды кылып, саясий иш-чараларга мажбурлаганы үчүн ушул багытты тейлеген вице-премьер эмне менен алек болуп атат? Министр ректорлордун кыймыл аракетин байкап анализ кылбайбы? Мындай темп менен иш жүргүзсө Атамбаев жакында эл арасында айтылып жүргөн 10 миң адамы менен митингге чыгат деген сөздөр чын окшойт анда. Кайдагы 10 миң деген табышмактын жообу министр ректорлор баш болгон студенттер турбайбы? Кыргыздын накыл сөздөрү бекер айтылбайт «өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан дарт жаман» деген. Ошондуктан КР президенти Сооронбай Шарипович ишенимдүү стратегиялык жактан күчтүү команда менен иштеши керек болчу “арамза, интригандардан” тез арада тазаланыш керек. Көп кызыктар алдыда окшойт, чамасы.
--Рахмат.
Эске сала кетсек, 16-мартта Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чарада Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевдин жыйынына Жогорку окуу жайлардын студенттери чакырылган буйрук, биздин редакциябызга келип түшкөн.
Булак: NazarNews.kg