www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Путин президенттик шайлоодо Кыргыз жеринен 12 миңден ашуун добуш алды.
Эске салсак, 18-март күнү Орусиядагы президенттик шайлоого Кыргыз жеринде жашап жаткан 20 миңге чукул Орусия жарандарынын 13 миңден ашууну катышты. Жыйынтыгында талапкерлердин арасынан Владимир Путин эң көп добуш алганын Орусиянын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, республика боюнча жалпы 6 шайлоо участкасы ачылса, эң көп добуш берүү Бишкекте орун алды. "Кыргыз Республикасынын аймагында шайлоо учурунда мыйзам бузуулар жана тоскоолдуктар болгон жок. Добуш берүүгө жалпы 13 миңден ашуун адам катышты. Бишкекте 6944 шайлоочунун 6477си, Караколдо 520нын 467си, Ошто 2480дин 2371и, Чолпон-Атада 236нын 209у, Кара-Балтада 1334түн 1254ү, Кантта 2007 шайлоочунун 2000ге чукулу Путинге добуш берди.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы шайлоодо көп добуш алып, мамлекет башчылыкка шайланган Владимир Путинди куттуктады. 19-мартта жөнөтүлгөн телеграммада Путиндин кайра шайланышы "ишенимдүү жеңиш" катары сыпатталган.
Булак: NazarNews.kg