www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мекенчил” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун жана өткөн жылы 25-мартта камакка алынган Садыр Жапаровдун жакындары жана тарапкерлеринин жактоочусу Шарабидин Токтосунов, камака жаткан жигиттерде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу, кассациялык даттануу менен Бишкек шаардык сотко кайрылганын билдирди.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2017-жылы 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын он экиси камакка алынган. Кармалгандарга Кылмыш кодексинин 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) жана 174 (башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) беренелери боюнча айып тагылган.
Илимбек Исраилов, NazarNews.kg
Москва шаары