www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тээ илгери Даркан деген көзгө атаар мергенчи болгон экен. Ал киши айылга Караганда тоо арасында коп жүрүп, эл менен деле иши болбоптур. Андан дагы ал мергенчи мээлегенив жазбай атчу экен.
Бир күнү дагы адатынча жалгыз тоону көздөй бет алат. Убакыт кеч күз болуп калса керек. Ал күнү ошол бойдон он чакты күн дегенде гана келем деп кеткен Даркан мергенчи эртеси күнү эртең менен айылга келип, ошол бойдон тоого аттанганын токтоткон экен.
Көрсө ошол кеткен күнү кадимкидей көзүне кайберендин караны көрүнүп, аян берген экен “мындан кийин сенин карааның тоодон көрүнбөсүн, көрүнсө дагы бир дагы кайберен аттууга мылтык сунгандай болбо” деп кадимкидей айткан өңдүү. Аны эч ким деле билбейт. Бирок кийин карылыкка баш байлап калган кезде жакын курдашы Жумабекке айтыптыр.
-Мен куруюн, мергенчилик кумарга азгырылып кеп кайбе- ренди кырып салган экенмин. Мага кадимкидей кайберен аян берди. Мен Кургак карагайдын башына чыккан кезде кеч кирип калган эле. Анан эле маң-дайкы асканын бетинен мага он беш кар баскан келбети чоң кайберендин карааны көрүндү. Мен жакшы эле мылтыкты колума алып мелтиретип сунуп аны атканы калганымда алиш кайберен кадимкидей жаныма келип калды. Мен машаны баскан кезимде деле ок атылган жок. Анан эле кайберенге тил бүтүп, менин мандай ыма^уруп калса боло. Ал мага сүйлөдүбү же жен гана угулдубу айтор билбейм, эсиме келсем жерде оонап жаткан экенмин. Анан кайра келип мергенчинин үңкүрүнө келип жатъш калдым. Таң атканга чейин же бир уктай алсамчы. Көз алдыма мен аткан кайберендердин караандары тартылып чыкты. Чын эле мен көп кайберен атыптырмын. Алардын убалына калган экенмин. Көрсө адамдын эле эмес жаныбарлардын дагы жа-нын кыйган ушунчалык чоң күнөө туура. Эртең менен таң эрте үйгө келгеним менен ушул күнгө чейин өзүмө келе албай келем. Мага кайберендин карааны ушунчалык чоң таасир берип. мылтык кармагыс болдум деп болгон сырын айткан экен. Даркан мергенчи кийин карылыкка моюн сунуп калган кезде маңдайкы тоо тарапты карап гана олтуруп калган болучу.
Балким, көп өмүрү өткөн тоону сагынтаныбы же кайберендин карааны кез алдынан кетпей калганбы аны так айтып болбойт.
Айдарбек Асылов