www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Бөдөш Аманбаевна, Жогорку Кеңеш менен партиялардын сырын беш колдой билсеңиз керек. Жакында эле "Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстандагы бийликчил социал-демократтар партиясына (КСДП) жардам иретинде 1 млн. сом бөлдү" деген маалымат коомчулукта кызуу талкууланып, кайра тынчып калгндай болду. Ал туцргай бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ачыкка чыгарды. Бул көрүнүш мыйзамды одоно бузуубу же партиялар ар кайсы мамлекеттен акча алса болобу береби?

-- Кытайдын КСДП партиясынабы же фракциягабы берилген 1млн сом жардамы саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамга карама каршы келет жана мыйзам одоно бузулгандык болуп саналат. Фракцияга берилиптир деген жөн гана актануу. Анткени фракция шайлоодон өткөн партиядан түзүлө тургандыгын “келесоо” деле билет да. Андан дагы КСДП фракциянын  кыймыл аракети алтургай дем алганынан бери Форумда отургандар тарабынан тыкыр көзөмөлдө турат. Эми мынтип: "тигил алыптыр, бул алыптыр" деген айыбы ачылгандагы актануу. Эгерде тыкыр изилденип далилденсе кылмыш катары мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет. Анткени саясий партияларды чет мамлекеттер эл аралык уюмдар каржылоого тыюу салынганы мыйзамда көрсөтүлгөн. Партияларды элчиликтер дагы каржылай албайт.

-- Кытай малекети  тарабынан жалгыз  КСДПнын каржыланышы абдан күмөндү ой жараткан жокпу?

-- Албетте, Парламентте 5  фракциянын ичинен Кытай малекети  тарабынан жалгыз  КСДПнын каржыланышы дагы абдан күмөндү ой жаратат. 1млн сом ТЭЦ деги кыңыр иштер Кадамжайда Тогуз-Тороодогу элдин нааразычылыгы элдин кызыкчылыгын жергиликтүү бийликти көзгө илбей байлыкка ишенимдүү киришип атканына байланышкан алдын-ала, Кытайлыктардын жайган дастаркон болуп жүрбөсүн. С.Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү эмне эле “чок баскандай секиртти”, десе кызыктын баары алдыда окшойт. Кандай болгон күндө дагы, Экс Президентке дагы Генпрокурор кылмыш ишин козгой алат деген Мыйзам күчүнө кирген?...

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости