www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жыл башынан бери жеткинчектерге өгөй атасы жыныстык зомбулук кылган уч окуя катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Маалыматка караганда, үч окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Азаттык билидрди.

- Үчөө тең Бишкек шаарында болуп жатат. Жыныстык зомбулукка туш болгон кыздардын бирөө 7, экинчиси 11, үчүнчүсү 15 жашта болуп жатат. Аларга карата зомбулук, ыплас аракеттер өгөй атасы тарабынан болуп жатат. Кээ бирөөнү карасак эки жыл, башкасы 10 жыл жашап коюптур. Улуу кызы башка күйөөдөн болуп, кийин дагы балалуу болгондору бар. Бирок өгөй атасы кылган ушундай аракеттер кездешип жатат.

Расмий маалыматтар боюнча балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйүп жатат. 2016-жылы балдарга каршы 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. 2017-жылы жарым жылда эле 400дөн ашык кылмыш катталып, анын 50дөн ашыгы жыныстык мүнөздө деп табылган.

Кыргызстанда бир жылда миңден ашуун өспүрүм көз жарат. Адистер өспүрүм куракта төрөгөн кыздардын басымдуу бөлүгү зордуктоого дуушар болушканын айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости