www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 30-апрели саат 13:00гө карата: Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу маалыматты ӨКМ басма-сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусу, Сузак районунда 29-апрель күнү саат 09:30 чамасында Курманбек а/а Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен болжол менен 1,5 млн.м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000м3 жер көчкү Көк-Арт дарыясын бөгөп калган.

Учурда топтолгон суу (болжол менен 450 миң м3), жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү 20м3/с, чыгуусу 35м3/с). Жеринде абалды көзөмөлдөө максатында 5 адамдан (райондук ӨКБдан 1 офицер, гидрометтен 1 кызматкер жана а/а 3 адам) турган ыкчам топ нөөмөттө турушат.

Мындан сырткары КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-ж. 30.04. №153 буйругунун негизинде, киргизилген “өзгөчө кырдаалдар” тартиби алынды, деп билдирди ӨКМ басма-сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости