www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык олимпиада комитети (МОК) боксту 2020-жылдагы Олимпиада оюндары программасынан чыгарууну пландап жатат. Мындай чечимди спорт уюмунун президенти Томас Бах ТАСС агентигине билдирди. Бул тууралуу заман.кж сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык мындай чечим Эл аралык бокс ассоциациясынын(AIBA) жетекчилигинин абалына жараша күн тартибине коюлуп, өзүнчө териштирүү иштери баштатылган. Эл аралык олимпиада комитети(МОК) бокс боюнча олимпиадалык беттешүүлөрдө калыстар тобунан дагы шектенүүдө. Бокс уюмунун жетекчиси Чинг-Куо Ву 2017-жылы финансылык оор абалдан улам иштен алынган. Андан кийин уюмдун вице-президенти Франко Фальчинелли жетекчиликке келип, кыска убакытта кызматынан баш тарткан. Учурда жетекчилик милдетин Гафур Рахимов аткарууда.

Эл аралык олимпиада комитетинин(МОК) президенти Томас Бах учурда Бокс уюму менен болгон бардык келишимдер тоңдурулуп тургандыгын жана зарыл болгон гана жумушчу маселелер гана каралып жаткандыгын билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек бокс Олимпиада программаларына 1904-жылдан бери кирет. Бирок, Рио-де-Жанейро оюндарына чейин бокс сүйүүчү гана спортчуларды катыштырууга уруксат берилчү. Ал эми 2016-жылы профессионал мушкерлер катыштырыла баштаган, деп жазат аталган сайт. 

Ошентип бокс олимпиада оюндарынан чыгарылса, бокс мээлейи чаңдын астында калганы турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости