www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандын карызын кечүү боюнча өкмөттөр аралык протоколду ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты жазып чыкты. 

2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488,9 миллион доллар болчу. 2012-2013-жылдардагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия 2013-жылы карыздын 188 миллион долларын кечкен.

Калган 300 миллион доллар "10 жылга созулган мөөнөттө кыскартылат" деген негизде келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 2016-2017-жылдары 300 миллиондон 60 миллион доллар кыскарып, жыйынтыгында 240 миллион доллар карыз калган.

Кыргызстандын Орусияга болгон карызын кечүү тууралуу протоколго Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр 20-июнда Москвадагы жолугушуусунда кол коюшкан.

Каржы министрлиги билдиргендей, 240 миллион карызды бир убакытта кечүү – мамлекеттик тышкы карыздын деңгээлин ички дүң өнүмгө карата 3,8% кыскарат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости