www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бокс тарыхында калган  америкалык мушкер Майк Тайсон өзүнүн жердеши, бокс тарыхындагы дагы бир мыкты мушкер Рой Жонс менен беттешет. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, эки мушкердин беттеши 12-сентябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында өтөт.

"Ооба, Майк легенда. Аны менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатканда, баш тартып коюу акылга сыйбаган нерсе. Мен бул мүмкүнчүлүктөн баш тарта албайм. Аны менен беттешкиси келгендердин ичинен ал мени тандады. Анан кантип баш тартмак элем?", - деген Рой Жонс.

Майк Тайсон өзүнүн акыркы беттешин 2005-жылы өткөргөн. Анда ал ирландиялык мушкер Кевин Макбрайдга жеңилип калган. Ал карьерасында жалпы 58 беттеш өткөрүп, анын 50сүндө жеңип алган.

Ал эми 51 жаштагы Рой Жонс акыркы беттешин 2018-жылы Скотт Сигмонго каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Жалпы карьерасында ал 77 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңип алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости