www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада Кыргызстандык такси айдоочусу Россиянын борборуна операция жасатууга келген оор абалдагы кыздан акча албаганы үчүн сыйланды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Соопчулук иш жасаган таксист  Жоодарбек Жаанбаев аттуу Кыргыз жараны болуп чыкты. Ал үй-бүлөсү менен Москвада жашайт жана "Яндекс таксиде" иштейт.
Кечээ, 24-июлда Өкүлчүлүктүн башчысы Майрамбек Бейшенов Жоодарбек менен жолугушуп, ага ыраазычылык катты тапшырды.

Эске сала кетсек, омуртка-булчуң атрофиясы оорусу менен жабыркаган кыздын апасы болгон окуя жөнүндө Россиянын журналисттерине айткан. Алар Москвага операция жасоо үчүн Тобольск шаарынан келишип, аэропорттон шаарга жетүү үчүн такси чакырышкан. Жолдо аял айдоочу менен сүйлөшүп, кыздын апасы кызынын абалы тууралуу айткан. Ошондо таксист жигит алардан жол акысы-1500 рубль көлөмүндөгү акчаны алуудан баш тарткан. 

Ал эми кызга операция ийгиликтүү жасалган.

Таксиста, отказавшегося брать деньги с тяжелобольной девочки, наградили

Таксиста, отказавшегося брать деньги с тяжелобольной девочки, наградили

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости