www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореяда апрель айынан бери сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын саны биринчи жолу 100 кишиден ашты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка шилтеме берип,  басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акыркы бир сутка ичинде 113 адамдан коронавирус илдетти аныкталган. Бул көрсөткүч менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 14 миң 92 адамды түздү. Өткөн суткада 49 адам бул илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылган. Илдетти жеңгендердин жалпы саны 12 миң 866 адамга жетти. Бул ооругандардын 91,3 пайызы айыкты дегенди түшүндүрөт. Ал эми вирустан каза болгондордун саны 298 адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости