www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында оорулуу кызын жалгыз өзү багып жаткан 90 жаштагы Бүбүй Эсенамановага жардам көрсөтүлдү.

Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев энеге барып, кабар алды. Андан кийин ал Пристан-Пржевальск аймагынын башчысы Чыңгыз Бапаевге жана социалдык кызматкерлерге аялдын оорукчан кызына пенсия жана жөлөкпул маселесин чечүүнү тапшырды.

Ошондой эле, 90 жаштагы апага материалдык жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, ыктыярчылар жана активисттер жардам беришти.

Эске сала кетсек, буга чейин 90 жаштагы Бүбүй Эсенаманова 5-6 ай мурун операция жасаткан 49 жаштагы кызын жалгыз карарын айтып, жардам сураган.

“Биз авариялык үйдө жашайбыз. Кызымдын абалы оор. Ал кагазга да кол коё албайт. Мен аны үйдө жалгыз калтыра албайм. Ошондуктан жергиликтүү бийликтен ал үчүн пенсия алууга көмөк көрсөтүүнү суранам. Бизге акча каражаты, дары-дармектер, жалаяктар ж.б. керек”, – деп айткан.

Аял белгилегендей, кызынын башында шишик пайда болгон. Алты ай мурун ага операция жасалган. 49 жаштагы кызы өз алдынча кыймылдай албайт жана туруктуу камкордукка муктаж.

“Мен ага шорпо бышырып бергим келет, бирок эт жок. Операциядан кийин ал айыгып кете элек. Мен 22 жылдан бери почта бөлүмүнүн жанында жашап келем. Мени ошол жердегилердин баары билет” – деп билдирген Эсенаманова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости