www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 15 миллион 672 миң 841 адам жуктуруп алды. Анын 8 миллион 986 миң 284 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 638 миң 352 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 109 миң 603 адамдан коронавирус аныкталып, 145 миң 376 адам каза болсо, 1 миллион 261 миң 624 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 287 миң 475 адамдан аныкталды. 85 миң 238 адам каза болсо, 1 миллион 693 миң 214 бейтап айыкты.
Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 288 миң 108 адам вируска кабылган. 30 миң 601 бейтап көз жумса, 817 миң 209 бейтап оорудан сакайган.
Булак: NazarNews.kg