www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен сени сүйөм, а сенчи! -деп сурады. Мындан бир күн мурун үйлөнүп, бүгүн нике түндө жаткан жаш улан жанындагы суйкайган келинчектен. Уялыңкы жүзү менен кызара жер карап, ийнин аста куушуруп койду. Бул деген жок дагы ооба дагы дегенди түшүндүрбөйт. Жаш улан өзүнө ушунчалык ишенгендиктен ичинен ыңгайсыз боло түштү.

---Кечеги эле күнү кучагыма кирип, жакшы көрөм деп жатпадың беле жаным. Азыр билбей калдыңбы ошондо?

--- Мен сизге калп айткым келбейт, бирок чын эле мен сүйүү эмне экенин түшүнбөйм. Мен сизди жакшы көрөм, бирок бул сүйүү сезимиби биле албай жатам. Сүйүү кандай болоорун билбейм, мурун сезген эмесмин. Сизге болгон сезим бул сүйүү болсо анда мен дагы сизди сүйөм. Жаш улан бир чети кубанса, бир чети жүрөгү тыз эте түштү. Сүйүнгөнү менден башкасына сезим толгоп көрбөптүр! - деп. Жүрөгүн өйүгөн бул өзүнө болгон сезим бул жөн гана сый болсочу деди.

Күндөр өтө берди, жаш жубайлар бактылуу жашап жатты. Жаш келинчек кош бойлуу болду, жаш улан жумушунан жетишип колунда акча пайда болду. Анан бир күн кызуу болуп алып аялына дагы суроо берди.

--Мен сени сүйөм, а сенчи?

--- Менин жалгызым, жаным мен сизди сизден ашыкчараак сүйөм. Сиз мага сезимим сүйүү экенин түшүнүүгө түрткү болдуңуз.

Ошондо жанагы акчалуу болуп калган бала өзүнө ыраазы болуп, дагы суроо берди.

-- Эгер бирөөнү сүйүп калсаң эмне кылат элең?

--- Жалгызым менин сүйүүм өчпөс, эки дүйнө сизди сүйүп өтөм. Андай ой оюңузга да келбесин. А сизчи?

Аялынан мындай суроонун кайтышын күткөн жана даярданган болчу.

--Мен сени дүйнөнүн бүт сулууларын чогултуп койсо да алмашпасмын.

Анда айтчы, мен кокус бул жашоодон өтүп кетсем эмне кыласың?

---Сизге куран окуп, намазымдын жарымын багыштап жүрмөкмүн. Балаңызга татыктуу тарбия берип, адал өтмөкмүн.

--- Өмүр боюбу?

-- Ооба кылым каарыганча, сөз берем.

--- Азыр бул куру сөздөр, эки жыл өтпөй башканын кучагына киресиң да.

---Кудай мага жесирдик, сизге ажал берип сынабасын бизди. Түбөлүк бактылуу жашайлычы. А мен кудайга кетсем эмне кылат элеңиз бегим?

--- Мен билбейм, көчө кезип кетсем керек. Сенсиз жашай албайм мен.

Сыртынан ушинткени менен ичинен күлүп, өлсөң өзүнө кыйын деп койду.

Анткени жаш улан эчак эле бир жаш кызды кучагына алып жыгылган болчу. Ал кызды эркелетип, аялындай карайт. Күн сайын аялынан көңүлү калып бараткан. Анткени аялынын жумшактыгын, жөнөкөйлүгүн жактырбайт. Шок, кыйынсынган кыздарды жактырып калган. Жылдар өттү арадан. Жанагы жаш улан андан да байыды, аялын өзүнун теңине албай калды. Келинчек болсо эч кимге сыр бербей жүрө берди, үч уул таап берди. Сырттан карасаң булардын үй-бүлөсү эң бактылуу жана бай болчу. Бирок ичине кирсе андай эмес. Жаш улан дайыма үйдө жок, ал үйгө деле келбей калган. Жанагы кызга аялын таштап, сага үйлөнөм деген убадада келе жатып жол кырсыгына кабылды. Догдурлар жаш уланды араң сактап калды. Жаш улан төшөктөн турбай жылдап жатып калып, бизнеси банкрот болду. Жанагы жанындай көргөн шок кызы кабарын билдирбей кетти. Достору чанып биринен бири жок болуп жатты. Бир гана жанакы аруу келинчеги жанында калды. Ошондо жаш улан келинчегинин кадырын билгендей болду. Бирок баардыгы убактынча эле экен.

Жылдар өтүп жаш улан бутка туруп, жакшы болуп кетти. Кайрадан кыбырап жумуш баштады. Бул убакта жанагы жаш келинчек ичинен сызып ооруп жүрдү. Эч кимге айткан жок. Ичине катты, чыдады. Жатып калганда ооруканага алып барса баардыгы кеч эле. Бул учурда жанагы жаш улан кайгырган жок. Сыртынан гана кайгырган түр көрсөттү. Анткени жанында кайра жанагындай шок кыздар пайда болгон болчу. Оюнда оорунун айынан өзүнөн чоң көрүнүп кеткен аялы жок болсо, кайра жашоосу жыргал болчудай туюлду. Келинчек көп өтпөй көз жумду. Ыйламыш этип жерге катты, үч баласын үч жака чачыратты. Беш жылдай төшөктө жатып жетишпей калган жыргалын эми көрүп жетишүүгө умтулуп жатты. Аялын жоктогон да жок. Өлгөндүн өзүнүн шору деп ойлоду.\

Аялы унчукпаса сакоо, сүйлөсө дөөдүр. Күлсө жалжак, ыйласа көр болгур, кийинсе ойсоке, кийинбесе жүдөмүш, жесе тойбос, жебесе бит сыгып кан жалайт деген. Дей берген, дей берген аялын акырындап жей берген. аягында аялын жерге берген. Бирок баары алдыда эле, өзү эңсеген шок кызга үйлөнүп тынды. Шок аялы төрөп да берди, бир, эки анан үч жыл өттү. Жанагы жаш улан кырктан ашты. Шок аялы ушунчалык ажаан эле, өзүнөн башканы ойлобойт. Ошонун көңүлүн карап, оюндагын кылып жүрүп жүрөк оору болду.

Дагы эки жыл өтүп жаш улан чалдай эле төшөккө жыгылды. Ооруканага шок аялы басып келген жок, чыгып өзү барганда үйүндө бөтөн бирөөлөр жашап жатканын көрдү. Баардык нерсесин жоготту. Чын эле оозуна салгандай биринчи келинчеги өлгөн соң көчөдө калды. Көчө кезип, жүрөгү оорукчан болду. Келинчекти каргады. Ошол жакта жатып кылып жаткандай болду. Айлар өтүп бул нерсеге өзү гана күнөөлү экенин түшүндү. Аргасыз каарылар үйүнө барды, азбы көппү жашады. Бирок жанагы келинчектен көргөн балдары жигит болду. Буттарына турушуп атасын издешти. Каарылар үйүнөн табышканда көздөрүнө ишенбей ыйлашты. Жаш уланды балдары алып кетти. Көнбөгөнүнө койбой алып кетишти. Бирок эртеси конок үйдө салынган жаңы, калың төшөктөн келин-баласы жаш уландын муздап калган денесине туш болушту. Жигитти уят өлтүрдү, жаш уланды намыс өлтүргөн болчу.

Жыйынтык; сизди сүйгөн адам сүйөөрүн ачык айта албаса, бул сүйбөйт деген белги эмес. Жана колдогу алтынды дайым барктай билели. Жакындарыбызга адал бололу. 

Интернет булактарынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости