www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн жаштары жергиликтүү имамга унаа белек кылышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Маман айылынын жаштары имамга унаа белек кылышты. Бул тууралуу айылдык активист Жаныбек Кыдыкбаев журналисттерге билдирди.

“Биз, айылдын жаштары, жергиликтүү көйгөйлөрдү өзүбүз чечүүгө аракет кылабыз. Буга чейин айылдык жолдорду жана футбол аянтчасын куруу маселеси чечилген. Бул жолу айылдын имамына унаа берүүнү чечиштик”, – деди ал.

8 жылдан бери айылдын имамы болуп келген Максат Түкөбеков жаштарга ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, бул Ак-Суу районундагы Маман айылында 700 түтүн бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости