www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Айга табынган кыз

Андан бери туура он тогуз жыл өтту. Классташым Айжан экөөбүздүн үйүбүз бетме-бет болчу. Ошондуктан, Айжанды башкаларга караганда жакшы, жакындан билээр элем. Ал ушунчалык бир сырдуу жан эле. Дегеним, деле баладай болуп балдарга кошулуп ойнобой, өзүнчө эле жүрө берээр эле. Суроо берсең жооп берет же жооп бербейт, айтор, таптакыр тушүнүксүз боло турган. Ошентип, убакыттын өтүшү менен мен 10-класс болдум. Ал 9-класс. Бир күнү сыртка чыксам, ал короосунун алдындагы орундукта олтурган экен. Жанына басып барып, мен да көчүк бастым.

 - Салам! Кандайсың Айжан?  

- Жакшы.

 - Эмне маанайың жок?

- ...

 - Макул, жооп бербей эле кой. Эмнеге сен башкачасың? Эмнеге элден бөтөнчөсүң?

 Ал мени тикирейе карап калды. - Макул, - деп туруп кетмек болгонумда - Жоодар, - деди.

- Угуп жатам...

 - Капалантсам кечир. Мен башкалардай болуп, сыр чечишип сүйлөшө албайм.

 - Эмнеге?

 - Ал уруксаат бербейт...

- Ким ал дегениң?

- Ликай.

 - Жигитиңби?

 - Жок, ал адам эмес.

 - Адам эмес?.. Эмне?..

- Кечир, - деп үйунө чуркап кирип кетти. Мына кызык, түшүнүп көр... Аң-таң болуп, көпкө ойлонуп отурдум да, үйгө жөнөдүм. Үйгө келип, оокаттарды жасап, күн батырдым. Эртеси ага жолуктум. Ал талаада өскөн ар кайсы чөптөр менен тамак жасаарын айтып, күлдүрдү. Аны Ликай үчүн жасайт имиш. Күндө кечинде айга табынып аны чакырат экен. Анын кандай экенин айтып берип, бир сыйра жүрөгүмдү түшүрдү.

Кечки тамакты ичкен соң, телевизор көрүп жаткам. Саат түнкү 02:00 болуптур. Жатмак болуп, ордуман турдум, Терезе жакты карасам, Айжан дарбазаны акырын жаап, көл тарапка шашыла чуркап, бет алды. Мен ойлонбостон чуркап чыгып, акмалап бара жаттым. Ал мен ойлогондой көлдүн жээгине келген жок. Ага жетпей бурула бериштен бурулуп, айылдын аягындагы каралбаган жаман тамга кирип кетти. Ал тамдын эски дубалдары эле болбосо, терезе-чатыры жок. Терезе жакка акырын жакындап, шыкааласам ал шамды күйгүзүп, бир башкача тилде бир нерселерди суйлөп жатыптыр. Алдыңда сөлдөйгөн кара элес турган экен. Жаным чыгып, жүрөгум лакылдап турду. Терезе бийик болгондуктан, ага тырмыша жабышып турган элем. Коркконумданбы, айтор, "дүп" эте жерге кулап түштүм. Жаман тамдын ичиндеги жарык өчтү. Айжан шамды ыргытып жибергенин сездим да, коркуп турсам да жаман тамды айланып барып, эшиктен кирдим, Айжан чуркап чыгып келе жаткан экен.

- Жүрү, кеттик, - деп колдон ала үй жакка сүйрөп жөнөдү. Мен колумду тартып алдым да, жаман тамга кирип бардым. Айдын жарыгы 4 дубалдын ичин жарыкка бөлөп турду. Жанагы кара элес жок.

 - Эу, кайдасың? Чык бери? -деп үн ката бердим. Бир саамда Айжан кирип келип:

 - Ал эми келбейт, кеттик, -деди. Мен анын жетегинде үйгө бара жаттым. Ошентип, ал үйүнө кирди, мен да үйүмө кирип кеттим. Ошол түнү коркуп, эмнегедир уктай албай чыктым. Жанагы кара элес оюман кетпей туруп алды.

Эртеси эртең менен эрте туруп алып, малдар жайлап, короонун ичин тазалап чыктым. Апамдар демейдегиден эрте го деп таң калып калышты. Маанайым суз болгондуктан аларга эч нерсе деп жооп берген жокмун. Малдарга суу берип жатканымда апам кирип келип, - Ай Жоодар, - дей бергенинде чочуп кетип, бакырып жибердим. Мен чочуганда апам да коркуп кетип, ал да чаңырып жиберсе болобу. Андан кийин экөөбүз тең күлүп алдык.

- Тиги Үсөндүн кызы ооруп калып, сени чакырып жатыптыр, - деди. Мен чуркап чыгып эле, анын үйүнө жөнөдүм. Барсам Айжан тилден калып, төшөктө тердеп-кургап жаткан экен. Ал мени бир нерсени айт дегендей ишаарат кылды. Мен - кечээкини ата-энеңе айтып берейинби? - дедим. Ал баш чайкап, устөлдүн устүндө турган барак менен калем сапты көргөздү да, ишаарат кыла Болбосо, жаныңды койбойт" деди.

 - Кантип? - десем, ал "Коркпо, ал сага тийбейт" деп жазды да, бир башка тилде бир нерселер жазылган кагазды жана шамды карматып, ай чыккан убакта жаман тамга барышымды, бул тууралуу эч кимге айтпашымды баракка жазды. Мен үйгө жөнөдум. Ушундай бир коркуп турдум дейсиң..,. Ошентип, чыдамсыздык менен айдын чыгышын күтүп турдум. Кечки саат 23:00дөн өткөндөн кийин жаман тамга шам менен кагазды көтөрүп алып бардым, Жарым сааттай олтурдум, эмнегедир ал жок. Аябай титиреп коркуп жатам десең. Анан өткөндө Айжандын шамга кагазды күйгүзүп жатканын эстеп, шамды күйгүзүп, кагазды өрттөп жаттым. Кагаз күйүп бүткөндө артыман ал элестин көлөкөсү көрүндү.

- Коркпо, кысталак, - деди ал.

- Сен кимсиң?

- Ликай...

- Шайтансыңбы?

 - Жок..

- Анда ким?

 - Кара жин деп аташат бизди адамдар,..

- Сен...

- Сен менин буйруктарымды аткарасың! Андан мурун мен жөнүндө эч кимге айтпайсың! Алгач убада бер!

 - А эгер айтсамчы?

- Анда буту-колуң шал болуп, тилден каласың. Ушундай кыйналып, акырында өлөсүң! Жүрөгүм түшуп жатты. Эмне кылаарымды билбей турдум. Эгер убада бербесем, коё бербей койсочу... Уф, эмне кылаарымды билбейм... Билбейм... Оо, Кудай ай!

 - Айжанды эмне кылып арбап алдың?

- Ал өзү арбалды. - деди жин. Бирок, мага ал жөнүндө эч нерсе айтпады.

 - Бар, мына, - деп кара жүндүү, арсайган тырмактуу колдорун алып чыкты.

 - Коркунучтуу экен... - Тескерисинче адам деген макулуктар коркунучтуу болот...

 - Силер бизден коркосуңарбы? - Ооба, Бирок бул жалган дүйнөдөн эмес. Биздин жин болуп калышыбызга адам күнөөлүү, - деп мага айбат уруп, келе жатты. Мен таш менен чаап жибердим, бирок ал буйтай өтүп, акырын учуп мага келе жатты. Мен, - Макул, макул... Кел бир чечимге келебиз, - дедим.

- Сага менден эмне керек?

- Мен бир нерсе сурадьшбы?

 - Анда эмне чакырттың?

 - Каралик баарын айтып коюптур сага. Эми сен мени билесиң, кечээ көрдүң.

 - Ким ал?

 - Сенин ургаачы курбуң...

- Айжанбы. Ал мага эч нерсе айткан жок.

 - Менин ысымымды айткан жок беле?

- Айткан... Ага эмне болот эми?

 - Жакында билесиң эмне болоорун...

 Жаным чыгып кетейин деп, жүрөгүм жарылчудай болуп турду. Ал мага жакындап келе жатканда, мен бакырып жибердим. Атамдар чуркап келишти. Көрсө бул түшүм экен. Демимди баса албай, көпкө чейин турдум...

Эртеси Айжандыкына барсам, ал тоокторуна жем берип жүрөт.

 - Айжан, өткөндөку Ликайды кантип чакырсам болот? -дедим. Ал каткырып, - Апенди, ишенип алдыңбы, жөн эле айтып койгом, - деп күлкүсүн тыя албады. Көрсө, мага коркконго кош көрүнөт болуптур да.

Жоодар, Ош шаары

Булак: Шамбала

Последние новости