www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөлөрдө окуп жатышкан 2 миңден ашык студент Казахстандын ЖОЖдорунда билим алышат.

Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, чет өлкөлөрдө өз алдынча билим алып келишкен казахстандык студенттерди өз мекениндеги жогорку окуу жайларына которулушуна жардам көрсөтүлдү. Студенттердин документтерин виртуалдуу комиссия онлайн режиминде кабыл алып бир катар жеңилдиктер берилди. 

Пандемия шартында чет өлкөдөгү жогорку жайлар дагы Казакстандагыдай аралыктан окутуу шартына өтүшкөн болчу. Бирок айрым чет өлкөлүк окуу жайлар студенттерине аралыктан окутуу боюнча платформа сунуштаган эмес. Ошол себептен чет өлкөлөргө билимин улантуу үчүн кете албай калышкан 2000 ден ашык студент өз мекенинде билим алууга ниет кылышканын билдиришкен. Учурда студенттерге жардам берүү максатында ыкчам интернет кабылдама ишке берилип, тиешелүү документтер жеңилдетилген процедурада кабыл алына баштады.

Асеин Саралаев, Казакстан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости