www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын тышкы карызы көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрь күнү Өзбекстандын каржы министрлиги 2020-жылдын алты айындагы мамлекеттик карыздын абалы тууралуу эсепти жарыялады.  

Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл 1-августка чейин Өзбекстандан төмөндөгү уюмдарга карыз:

Азия өнүктүрүү банкы- 3,9 миллиард доллар;

Дүйнөлүк банк- 3 миллиард доллар;

Эксимбанк Кытай- 2 миллиард доллар;

Япониянын эл аралык кесиптик агенттиги- 1,7 миллиард доллар;

Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы- 1,3 миллиард доллар;

Эл аралык инвесторлор- 1 миллиард доллар;

Япониянын эл аралык кесиптик банкы- 0,4 миллиард доллар;

Башка каржы институттары- 3,2 миллиард доллар.

Эсепке ылайык, Өзбекстан өкмөтүнүн карызы 19,4 миллиард доллар болду. Бул республиканын ички дүң продукциясынын 34 пайызын түзөт. 

Быйыл алты айда Өзбекстандын тышкы карызы 1,6 миллиард долларга көбөйгөн. Ал эми республиканын ички карызы 2,1 миллиард долларга көбөйгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости