www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шевченко жана Уалиханов көчөлөрүнүн кесилишине чогулгандар бийликтен насыялык мунапыс берүүнү, саясий туткундарды бошотууну талап кылып, чет өлкөлүктөргө жер берүүгө каршы болгон пикирлерин айтып жатышат. Нааразылык акциясы жергиликтүү бийлик менен макулдашылган. Була тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Буга чейин демилгелүү топтун башчысы, активист Жанболат Мамай тарапкерлерин чогулууга чакырган. Акцияга ондогон адамдар келди. Алар колдоруна жарандык активист Макс Бокаевди, Арон Атабекти бошотууну талап кылган баракчаларды көтөрүп турушат. Акцияга полиция кызматкерлери көз салышууда. Активист Мамайдын айтымында, ушундай эле акциялар Караганды, Актөбө жана Семей шаарларында өтүп жатат. Ал эми Чымкент жана Таразда жергиликтүү бийлик митингге уруксат берген эмес.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда 7 миллиондон ашык киши насыя алган. Демилгелүү топтун маалыматы боюнча, насыяларды кечүүнү суранып 100 миңдей арыз түшкөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости