www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектен Чолпон - Атага жубайым менен сапар алдым. Жолдон бир карыя тосконунан токтоп, ансызда бош кетип бара жатам аны менен ат жалына казан асып кетейин деп салып алдым. Жол катар карыя көп нерселерди сүйлөп берип, бара жатты. Анан эле кызынын башынан өткөн оор тагдырын айта баштады.
- Бул окуя союз учурунда болгон. Анда жайы жайлоодо, кышы кыштоодо жүрөөр элек. Мен колхоздун малын бакчумун. Кемпирим экөөбүздүн 5 уул, 4 кызыбыз бар. Улуу кызым Айша анда 17де болчу. Ал бала кезинен эле ооруй турган. Анын эмне оору экенин бир да дарыгер тактап бере албады. Биз кыргызчасы бар деп койчубуз. Дайыма күмүш шакекти чечпейт эле. Көрсө, кептин баары ошол шакекте экен, - деди жол катар кетип бара жаткан карыя үн сала.
-Ал эмне болгон шакек эле? - деди жубайым да кызыга сурап.
Илгери азыркыдай маданият үйлөрү жок эле. Чабандарга артистер келип, комуз, кыяк менен ырдап, бийлеп берип кете турган. Бир жолу облустан артистер келиптир дегенде, баарыбыз бардык. Айда-жылда бир келишсе, эмтеңдеп-темтеңдеп жетип барасыңда. Ошондо бир артист кыз ошол улуу кызыма шакекти белекке берген. Көрсө ал шакекке...
-Уурдалган бекен? - дедим жолдон көзүмдү албай.
-Андай болсо кана, - деп санын кейигендей алсыз колу менен бир чаап алды.
-Кара жолтой шакек экен...
-Коюңузчу аксакал, шакек кантип кара жолтой болсун...
-Болот экен уулум.
-Дубаланган бекен?- деди жубайым арттан.
-Эх-х... Ошол шакекти улуу кызым ошондон бери колунан чечпей калды.
Арадан 2-3 жыл өткөндө кызым катуу ооруга чалдыгып, төшөктө жатып калды, жана айтып өткөндөй 17 жашта эле. Кийин тилден да калды. Ошентип арадан 5 жыл өттү. Алып барбаган жерим, көргөзбөгөн дарыгерим калган жок. Мен-мен деген көзү ачыктарга чейин алып бардым. Ар ким ар нерсени айта берди. Аягында көзү ачыгына да, дарыгерине да түкүрдүм.
Кийинчерээк Тажикстандын Жерге-Тал деген жеринде этникалык кыргыздар жашаарын уктум. Ошол жакта Баракатулло деген чоң молдо бар дейт. Анан ал молдого тыйын-тыпыр салып, айылдагы Абдылда деген мугалимге кат жаздырып, салып жибердим. Арадан 2 ай өткөндөн кийин ал молдо келди. Кызымдын күрөө тамырынан кармап, дуба окуй баштады. Кызым көл - шал болуп тердеп, кыйналып баштады. Кемпирим молдону кантип чакырсам болот? - дедим.
Ал каткырып, - Апенди, ишенип алдыңбы, жөн эле айтып койгом, - деп күлкүсүн тыя албады. Көрсө, мага коркконго кош көрүнөт болуптур да. Баягы тилден калган кызым "Шакек" деп кыйкырып, кайра сүйлей албай калды. Молдо "шакекти чечкиле" деп дуба окуганды уланта берди. Шакегин чече албай жатып чечтик. Ошондо кызым эсине келе түшүп, анан барып уйкуга кетти.
Ошондо молдоке,
- Кызыңар бул шакекти кайдан алган? - деп собол салды.
Мен кайдан алганын айтып бердим. Көрсө, ал шакек дубаланган экен. Мен анын дубаланганын көзү ачыктардан уккам, бирок аны жандырып бере алышкан эмес. Кызым ошол уйкуга кеткен бойдон, көз ачкан жок. Жарыгым десе... азыр эстеп кетсем, жүрөгүм зырылдап ооруйт. Ошондон кийин артис аттууну көргүм да, оюн-зоогуна баргым да келбей калбадыбы, - деп карыя жашый түштү. Аксакалдын көз жашы сакалынан ылдый чууруп турду. Жол катар аны менен кошо биз да ыйлап алдык...
Булак: Шамбала