www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы Президент Атамбаевдин өзү жана ага ишенген тарапташтары азыркы саясий кырдаалды курчутуш үчүн түндүк- түштүк маселесин көтөрүшүп, элдин талылуу жери менен ойноону адат кыла башташты. Бул тууралуу Турсунбек Акун ринг.кж сайтына маек берген.
А чындыгында ошол эле Чүй өрөөнүнүн карамагындагы жаңы конуштарда элдер эч кандай түндүк – түштүгү жок эле тыптынч мамыр-жумур жашап, өз тирликтерин өткөрүп жатышат.
Бирок, Атамбаев жеке өз кызыкчылыгы үчүн”Оштуктар Чүйдү басып алмай болушту, алар Кокон хандыгын орнотууну каалап жатышат” деген тариздеги ушактарды таратып, бөлүп жаруучулук аракеттерди жасап жатышканы өкүнтө турган көрүнүш. “Чүй боорунда Оштуктар көбөйүп кетти” деген сөзгө да ишенүү кыйын. Ошондуктан түндүк-түштүк маселесин көтөрүүгө эч негиз жок.
Депутаттардын Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратышы негизинен туура. Бул мурдатан эле күтүлгөн иш болчу. Аны эл күтүп жаткан. Бул иштин эртедир кечтир боло турганы белгилүү эле болуп калган.
Бирок, мындан бир жыл мурун 24-ноябрь 2018-жылы өткөн жалпы элдик Курултайда Атамбаевди кылмышка тартуу боюнча чечим кабыл алып тиешелүү расмий органдарга жана ошол эле Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылганбыз.
Тилекке каршы ал кезде депутаттар тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.
Атамбаев аларды “Чимкирик” деп эки жолу мазактагандан кийин гана жеке таарынычтын кесепети сыяктуу кол тийбестик маселесин көтөрүп чыгышы бир топ шек жаратып койгону чын.
Алар кол тийбестик маселесин көтөрүүдө ошол Элдик Курултайдын бир жыл мурунку чечимине таянса негиздүү болот болчу. Бирок шашылыш ишке ашкандыгына карабастан Атамбаевден кол тийбестикгин алынышы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш Атамбаев азыр жердештеринин, туугандарынын аркасына жашынбастан мыйзамга баш ийип, укуктук талаага кайтып келгени оң.
Алты жыл Президент болгон адам мыйзамды сыйлабай, таштарды төктүрүп бейкүнөө жаш жигиттерди шит катары пайдаланып жатышы жакшы эмес. Атамбаев өлкөдөгү демократиялык күчтөрдүн, айтылуу Аксы окуясынын аркасы менен Президент болуп келген. Биз көргөн кыйынчылыкты, ысыка күйүп, суукка тонгон күндөрдү Атамбаев көргөн эмес. Ал революциянын, демократиялык процесстердин аркасы менен бийликке келген. Бирок ал кийин жалган айтып, революциянын жалгыз жасаган адам катары өзүн-өзү мактап чыкты. Бул дагы ага абийир алып келбейт. Эгер Атамбаев жердешчиликке күйгөн адам экен, анда эмне үчүн Акаев Куловду бейкүнөө каматканда жардам берип чыккан эмес? Эмне үчүн анда жердештерине кол сунуп койгон эмес?
Эми жанагы Арашандык аксакал айткандай өзүнүн башына кыйынчылык түшкөндө жердештеринин аркасына жашынганы жигиттикке да, адамдыкка да жатпайт
Куловду Байтиктен кууп жердештеринин көзүнчө чыркыратып камап жатканда күнү-түнү биз жүргөнбүз.
Ал тууралуу мактанайын дегенден алысмын. Атамбаевге Арашан менен Кой-Таш керек эмес. Ага жанагы жердеш агасы айткандай Фарид, Албек, Икрам керек. Атамбаев бийликте турганда жердештеринин жанагы көз уялткан үйүнө киргизип бир сыйлап койду беле? Алар сый көрмөк тургай эшигинин алдына келе алган эмес. Азыр айласы кеткенде гана жердештерине жалдырап жатат.
Көп жыл чогуу жүрүп, аны бийликке алып келген Отунбаева, Текебаев сыяктуу адамдарды каматып, элдин көзүнчө мазактап абийирин төккөнгө барган Атамбаевден эмнени күтсөк болот?
Эми аны кол тийбестиктен ажыраткан депутаттар тууралуу эки ооз сөз:
Азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарынын баардыгын жаман деп атоодон алысмын. Алардын арасында принципиалдуу, чынчыл депутаттар да жетишээрлик бар. Бирок көпчүлүк депутаттар Атамбаев бийликте турганда анын баардык чечимдерин үн катпай колдоп келишти. Анын айтканын кылышып Сапар Исаков жана башка мамлекеттик чоң кызматка бышпаган, такшалбаган адамдарын Премьерликке жана министрликтерге шайлап беришти. Атамбаевдин мыйзамсыз иштерине тоскоол болуп сөз айта алышкан жок. Эми ал бийликтен кеткенден кийин баатыр болушуп, күнүгө теледен түшпөй Атамбаевди жамандап жатышы ал депутаттарга аброй алып келбейт.Мындай депутаттар ылайыгы келгенде азыркы Президентке да ошондой эле эки жүздүү мамиле жасаары турган көрүнүш. Ошондуктан Президент Жээнбеков мындай “жылмаңдаган”, кырдаалга жараша өзгөргөн депутаттар менен өтө кылдат, сак иш алып барышы керек.
Мына ушундай депутаттар Жогорку Кеңешти жаман аттуу кылууда. Ал эми Жанар Акаев, Аида Касымалиева сыяктуу депутаттар эки жакка тартпай, чындыкты ачык айтып, калыс сөзүн калк алдында ачык билдирип жатканы илгери үмүттү жандырат.
Ошондуктан кызматтан кеткен Атамбаев менен өз кезегинде көпчүлүгүнүн тизмесин өзү түптөгөн, азыркы Жогорку Кеңештин депутаттары менен өз ара чабышып, жеке амбициянын деңгээлинен чыга албай, Курултай сыяктуу элдик институттун пикирин укпай өлкөдөгү аясий абалды ушул абалга алып келип коюшту. Жыйынтыгында, Атамбаев чеп орнотуп Кой-Ташка жатып алды. Ал эми депутаттар болсо “катуу иштегендиктен чарчашып” эс алууга кетти. Эми Атамбаевдин да, депутаттардын дагы азыркы абал боюнча башы оорубайт. Ар кимиси өз өчүн алышты. Атамбаев болсо эл алдында “Чимкирик” деп депутаттарды мазактап абийирин төктү, ал эми ага өчөшкөн депутаттар Президенттин кол тийбестигин алып “жылаңачтап” салды.
Депутаттар менен мурдагы Президент тап душмандардай кармашып өлкөнү тунгуюкка такады. Эми ушул кризистен чыгуу ишин Президент Жээнбековго, азыркы өкмөткө тапшырып чыга беришти. Мына чыныгы абал ушундай. Ал эми өмүр бою өлкө тынчтыгы деп жүргөн лидерлер, коомдук ишмерлер, саясатчылар бул абалдан чыгуунун жолдорун сунуш кылып, кабатырланып жатышат. Ошондуктан өлкөдөгү азыркы оор саясий абалга Президент эле жооп бербестен өлкөнү алты жыл башкарган Атамбаев жана төрт жылдан бери мыйзам чыгарып келе жаткан бир бийликтин бутагы азыркы Жогорку Кеңеш жооп берет.
Эгерде ушул түзүлгөн абалдан көп адамдар жабыркап, бейкүнөө адамдын каны төгүлө турган болсо биринчи ирээт Алмазбек Атамбаев жана туруктуу позициясы жок депутаттар жооп берээрин эскертем.
Ошондуктан Атамбаев өлкөнүн тагдыры менен ойнобой элди таратып, укук талаасына түшүүсүн талап кылабыз. Болбосо ушул кырдаалга алып келген Атамбаевди да депутаттарды да тарых кечирбейт.
Мен көп жылдан бери саясатта жүрүп, көптөгөн эл аралык жаңжалдарды өз көзүм менен көрүп, байкоо жүргүзгөн адам катары алдын ала айтаарым : ” АТАМБАЕВДИН БУЛ КЫЛГАНЫ ЖАКШЫЛЫККА АЛЫП БАРБАЙТ”.
”БИЗГЕ ТҮНДҮК-ТҮШТҮК БОЛУП БӨЛҮҮНҮ ЭМЕС, КЫРГЫЗСТАНДЫН ТОЛУК БҮТҮНДҮГҮ, ТЫНЧТЫГЫ АБАДАЙ КЕРЕК”.
Булак: NazarNes.kg