www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламатсыздарбы Шамбала гезитинин жалпы жамааты! Сиздердин гезит аркылуу мен да бир өзүмдүн тагдырыма тиешелүү кызыктуу, табышмактуу окуяны айтып бергим келип жатат.
Анда абдан эле кичинекей, болгону 5 жаштагы кыз болчумун. Биздин үйдүн түбүндө бир ак кайың, өсөт. Ал ак кайыңды биз төрөлө электе элс атам атайылап балдарыма арнап тнгип коёюн деп тигиптир. Негедир ошол ак кайыңдын жанына отурсам, өзүмдү сергек сезип, маанайым кадимкидей көтөрүлчү.
Бир жолу анын түбүндө китеп окуп отурсам кокустан эле бир бутагы шалп этин жерге ыргып кетти. Ага көнүл бурбай эле, апама альш барып отко жактырып койдум. Балээнин баары ошондон башталганын кайдан билейин, мен анда жаш кыз элем да. Эч нерсени этибар албай элс оюнга алаксып кетип калдым. Эртеси атам сопсоо туруп эле мүрт кете берди. Атамдын өлүмү абдан таң калычтуу болду. Атамды жоктоп, апам абдан эле арыктап, жинди болуп кете жаздады. Кайра баягы көр тирлик менен алек болуп, бизди багуунун айласында Россияга иштеп кетти. Биз төрт бир тууган элек. Мектепке барабыз, кайра келебиз, тирүүнүн оокаты өтө берет турбайбы, биздин да өз ырыскыбыз бар экен, күнүбүз өтүп жатты. Апам болсо эки жумада бир акча салып турду. Бизге атамдын иниси Арстан баш-көз болуп каралашьш, мал-жанды багып жүрдү.
АТАМДАН КИЙИН АПАМ КАЗА БОЛДУ
Баягы атам тиккен ак кайың атам өлгөндөн бери сугарып карасак деле болбой соолуп бараткандай болду. Бир күнү атам түшүмө кирди. Анда мен бой жетип калган элем. Мектепти бүтүн окууга тапшырайын деп чуркан жүргөм. Түшүмдө атам баягы өзү тиккен ак кайыңдын алдында күлүп отуруптур. Анан мени карап, кайыңды көрсөтүп бир нерселерди айтып көңүлү түшүп калды. Карасам жерде кайындын бир чоң бутагы түшүп жатыптыр. Түшүмөн чочуп ойгонуп эле эшикти көздөй жөнөдүм, карасам чын эле менин түшүмдөгүдөй кайыңдын бутагы сынып калыптыр. Ошондо жүрөгүм бир башкача болун кандайдыр бир жамандыкты сезе баштадым. Эч кимге сыр билгизбей жүрдүм. Арадан бир жума өтпөй эле, апамдын сөөгү келди. Ошондогу төртөөбүздүн кейигенибизди көргөн киши өз жанынан, бул жашоодон түңүлөт эле. Тагдырыбызга нааразы болуп, таянар тообуз атам-энем өлүп, кан жутуп, кайгыга малынып отуруп калдык.
САКСАЙГАН КЕМПИР, АТАМДЫН ӨЛҮМҮ
Мен университетке тапшырып, окуумду жакшы аяктадым. Байкем, эжемдер болсо өз жашоолорун куруп, бала-чакалуу болушту. Окууну бүткөн соң өз кесибим боюнча балдарды дарылаган доктур болуп шаардагы балдар ооруканасында эмгектенип жүргөм. Бир күнү ишке ушундай шашып кетип баратсам, астыман кийимдери тытык, бети көгөргөн, чачтары саксайган кемпир чыгып, "Кызым, нанга акча берчи, курсагым ачып өлгөнү калдым". - деп калды. Чөнтөгүмдү карасам 20 сомдук жүрүптүр, энеге боорум ооруп акчаны сунуп шашып кетип баратсам, билегимен кармап, "токто шашпа, мен сенин муруңкуңду билем, эгер он мүнөт убактыңды бөлсөң, баарын айтып берем"- деди. Мен мурда андайларга такыр ишенбеген жаным колумду шилтеп басып кетип баратсам тиги кемпир, "Сенин атаң менен энең бекеринен елгөн жок. Ал экөөнү бир шерменде өлтүргөн", - деп балп эттирди. Ошондо менин таалуу жериме бычак сайгансып, жүрөгүм сайгылашып кетип жерге отура калдым. Баягы кемпир мага келип, "Кызым, силердин атаңардын үйүндө бир кайың бар экен", - деп сөзүн баштады. "Ал кайыңды атаң силер төрөлө электе эле жакшы тилек менен балдарыма деп силерге арнап тигиптир. А бирок атаңды сүйгөн бир аял бар болчу. Ал аял азыр деле тирүү. Мына ошол сары, жини чукул аял атаңды апаңан кызганып, бир тили буру немеге дуба окуттуруп, ошол кайыңдын түбүнө төгүп кеткен. А кайын болсо силердин үйдө кандайдыр бир жамандык болоорун айтып силерге белги берет экен, бирок силер этибар албайт турбайсыңарбы. Ал дубаны атаң да, апаң да бул дүйнөдө жок болуш үчүн окулган өлүм дубасы экен. Эми кызым угуп тур. Ал аял силердин айылдын башында эле жашайт. Атаң өлгөндө кайгырымыш болун келген. Бирок ичинен абдан сүйүнүп кеткен. Себеби, атаң бир кездери ал аял менен сүйлөшүп жүрүп, сенин апаңа үйлөнүп алган. Ошондо ызасына чыдабаган аялушул ишке барган. Эми ал дубаны окуган адам азыр бул дүйнөдө жок. Ошондуктан сен айылыңа барып кайыңдын түбүн казсаң бычак чыгат. Ошол бычакты алып келип бер, мен бир жакшы касыйдачы молдону билем, ошого сени алып барам дагы дубаны жандыртам. Себеби, ал дубаны жандыртпасаң силердин тукумунар бүт курут болот. Атандын тукуму калбай баарыңар кыйрайсыңар", - деди да басып кетти. Мен нес болуп ордума катып калдым. Ошентип ишимди көздөй бет алдым. Ал күнү баягы кемпир, кайың эсимен такыр кетпей койду. Эртеси эле айылга барып кайыңдын түбүн каздым. Чын эле кемпир айткандай дат баскан бычак таап алдым. Ал бычакты алып, туугандарымды үйгө чогултуп, кемпир айткан нерсени айтсам адегенде мага эч ким ишенген жок. Байкем болсо урушуп, динде андайларга ишенүү ширк болот карындашым, баарыбыз кудайдын колундабыз. ал кемпирдим айтканы жөн гана жомок деп бычакты курчутуп ашканага коюп койду.
АК КАЙЫҢДЫН, АТАМДЫН СЫРЫН БИЛДИМ
Мен шаарга келип ишимди улантып иштеп жүрө бердим. Түшүмө атам кирди. Дагы кайыңдын жанында кумсарып, жердеги талды карап отуруптур. Ошондо түшүмөн чочуп ойгонуп айылга телефон чалсам, атамдын иниси (Биз турмуш курган соң, ал үйдү атамдын инисине тапшырганбыз) баары жакшы, кайыңдын бутагы сынып калыптыр, жаңы эле ошону отко жагын жылынып отургам деп калды. Мына ошондон баштап менде уйку жок. 3 күн аран чыдадым. Төртүнчү күнү дегенде экинчи эжем уктаган жеринен турбай калды, Ошондо байкеме айттым, "ага эмнеси болсо да кемпирге барып касыйдачы молдону таап, дубаны жандырып көрбөйүнбү"-деп. Байкем аргасыз макул болду. Ашканадагы бычакты алып кемпирге жөнөдүм. Тиги кемпир жер телөөдө жашайт эле. Аны эптеп таап, ал кемпир мени касыйдачы молдого алып барды. Молдо болсо дубаны жандырганын го жандырдым. Бирок, "кичине ксчирээк келдиң кызым. Калган үч бир тууган аман каласынар эч кам санаба"- деди.
АТАМДАР ДАГЫ ТҮШҮМӨ КИРДИ
Мен үйгө келип атама, энеме, эжеме куран окутуп кан чыгардым. Үчөө түшүмө кирди, ак кайыңыбыздын астында чай ичип кобурашып отурушуптур. Мени болсо карап да коюшкан жок. А кайың болсо абдан жакшы өсүп калыптыр. Ошондон кийин дуба жанып, биздин үйдө өлүм деген жок. Эми болсо баягыдай кайындын алдына отуруп китеп окусам кадимкидей ырахат алам.
САЙРА эже жинди БОЛУП КАЗА БОЛДУ
Айылга барып калганда баягы сары аялды издеп жүрүп, айылдын башындагы эле Сайра эже экенин билдим. Анан ага, "ушунча адамдын канын ичтиңиз, эми болду кылыңыз"- дедим. Ал эже мага тикирейе карап, "баарыңардын каныңарды ичишим керек, себеби атаң менин боюма бүтүрүп коюп, алдыртып салган. Ошондон кийин төрөбөй калдым. Атаң менин убалыма калган"- деди. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин Сайра эже өзүнөн-өзү жинди болуп, Чымкоргондогу жиндиканага жатьш, ошол жактан көз жумду.
Төлөбүбү Касымалиева
Булак: Шамбала