www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Р. Т. Эрдоган бийликке келишкенден бери Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы муктаждыктын 20 пайызын камсыз кыла алгандыгын, бүгүн болсо бул катнашты 65 пайызга жогорулаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Президент Эрдоган ТРТ менен биргелешкен эфирде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.
Эрдоган экономикада өзгөчө да өсүүдөгү 7, 4 пайыздык катнаштын абдан маанилүү экендигин баса белгилеп, чоң жыйырмалардын арасында Индиядан кийин 2 - Европа Экономикалык Кызматташтык Уюму OECD өлкөлөрүнүн арасында Түркиянын 1 - экендигин айтты.
Түркиянын жумушсуздукта эң төмөнкү катнашта экендигин белгилеген Эрдоган жаштардын жумушсуздугунда да олуттуу түрдө төмөндөө болгондугун билдирди.
Эрдоган түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» операциясында 4 миң 600дөн ашуун ПКК/ПЙД/ЙПГ террористтин жок кылынгандыгын айтты.
Эрдоган 12 байкоочу мунарасы менен Африндин текшерүү астында экендигин айтты.
Президент Эрдоган Манбиж жол картасы менен террордук уюм ПЙД, ЙПГнин аймакты толугу менен бошоторун билдирди.
Булак: NazarNews.kg