www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окуучулук күндөрдө эмнелер гана болбойт. Далай жолу класс жетекчи, завуч, директорлордун тил уксак да эки күндө ал жемелерди унутуп, кайра эле эски адетибизге түшөбүз. Эх, кандай гана сонун күндөр өттү, чиркин. Классташтар жыйырма жылдыкка чогулганда, ошондогу окуяны эсибизге түшүрүп отурдук. Оо андан бери дээрлик жыйырма жылдан ашык убакыт өтүптүр, Биздин мектеп Алабуканын наркына жакын жерде жайгашкандыктан жок эле дегенде ошол паркка бир-эки сабактан качып кетебиз. "Ушул силерден тажадым! Эртерээк эле аман-эсен бүтүп кетсеңер экен!"-деп Рахима эжебиз аябай туталанаар эле. Бири күнү химия сабагында ызы-чуу болуп отурсак, Айнура ордунан тура калып: -Балдар, балдар эй, кыздар, уксаңар! Мен бир сонун нерсе үйрөнүп келдим. Бүгүн сабактан кийин спорт залдын артына чогулбайлыбы, -деди.
-Эмне үйрөндүң? Биринчи ошону айтпайсыңбы? Баардыгыбыз суроолуу карадык. Ал жүгүрүп барып эже келе жаткан жокпу дегенсип коридорду карап эшикти жапты да:
-Арбактар менен сүйлөшкөндү!..
-Койчу, ай, кандайча?
-Китеп, кайчы, күзгү, анан узун кызыл, кара лента керек экен. Алдынан айтыла турган сөздөрүн да жаттап алдым. Өмүрү укпаган мындай нерсеге бүйрүбүз кызый баарыбыз Айнураны тиктеп калдык.
-Эскертем, бир шарт менен көрсөтөм! Дымып калган класска саамга көз жүгүртүп туруп:
-Болуптур, эч кимге айтмай жок! Өзүңө өзүң ишенбегениң барбай эле койгула. Үн-сөзсүз бир келишимге келип химия бүтөөрү менен спорт залдын артында арчалар көздөн далдалап турган кичинекей аянтчага чогулдук. Айнура шыпылдай сумкасынан "Адабият" китебин, кайчы, кызыл, кара лентаны алып чыкты.
-Кимиңде төрт бурчтуу күзгү бар?
-Менде, Элиза чөнтөгүнөн төрт бурч күзгүнү алып бере салды. Китептин ортосун ачып, кайчынын сабы чыгып тургандай кылып жаагын ачып туруп, күзгүнү да кошуп салып, китепти жаап, алгач кызыл, артынан кара лента менен кайчынын эки сабынан кайчылаштыра арчындап байлады.
-Азыр мен сөздөрүн айтам ичимден. Силер үн чыгарбай отурушуңар керек.
-Деги кимди чакырган жатабыз? Чын эле дегенсип Алмаздын сөзүнөн соң бири-бирибизди суроолуу тиктеп калдык. Баары эле "меникин эмес" дегенсип ыңгайсыздана жүрөгүбүз кооптонуп да калды.
-Улан, сенин чоң атаң өлбөдү беле?
-Жок, чоң атамы жон эле коелу. Ага эмне деп суроо бермек элек.
-Менин чоң энемчи? Чын эле Айсулуунун чоң энесинин көз жумганына эки жылдай болуп калган.
-Макул Сайрам энени чакырабыз.
Алгач эки колун жүзүнө алпарып "Оомийин" деп алган Айнура ичинен бирдемелерди күбүрөп отуруп акырын китепти көтөрүп кайчынын сабын Алмаз менен Уландын сөөмөйлөрүнө коомай коюп койду. Ошондогу таң калганыма чек жок. "Сайрам эне, келдиңизби?" дегенде китеп жай гана оң жакка бурула берсе болобу? Оозум ачылып эле калыптыр.
-Эмне деп суроо бересиң? Ооба десе оңго, жок десе солго бурулат.
-Жоки байкем майга чейин келет бекен? Айсулуунун Жоки байкеси Россияга кеткенине алты айча болуп калган. Китеп акырын гана солго бурула берди.
Майга чейин келбейт тура.
-А мен окууга өтөмбү?
-Китеп оңго бурулду.
-Жалалабаткабы?
-Китеп солго бурула берди.
-Же Ошкобу? Китеп дагы оңго бурула бергенде жанаша отурган Ильяс экөөбүздүн ийинибизди оор колдор ныгыра басып калды. Араң эле отурган экенбиз экөөбүз жарыша "Апа-а!" деп бакырып тура калдык. Маңдайыбызда көздөрүн жүлжүйтө Жусуп агай туруптур. Ал биздин мектептин директору.
-Дагы эмне балээни кылып отурасыңар бурчка үйүлүп алып! Берчи, алдагы эмне! Китепти Алмаз акырын артына жашыра берсе, ачуулана колунан жулуп алды.
-Бул эмне? Баарыбыз күнөөлүдөй жер тиктеп, унчукпай турабыз. Агай ленталарды чечип, кайчы, китеп, күзгүнү кошо алып алып "Эртең силер менен сүйлөшөм!" - деп кетип калды.
Айла жок кужулдай эмелеки болуп өткөн укмушту сүйлөй үйгө тарап кеттик. Эртеси мектепке келген Айнура, Алмаз, Уланды көрүп оозубуз ого бетер ачылды. Үчөөнүн тен ооздору калбыя шишип, толтура учук чыгып кетиптир. Үчөө тең түшүнөн чоочугандарын айтышып отуруп калышты. Үйрпөйө бири-бирибизге оңдуу сүйлөй албай, ичибизден чыдамсыздана Айсулууну күтүп отурабыз. Бирок, ал күнү, андан аркы, андан аркы күндөрү да Айсулуу келген жок. Апасы "тумоолоп калган окшойт, эти аябай ысып кеткендиктен врач чакырып укол сайдырдым. Эки-үч күндөн соң жөнөтөм!" - деп айтып кетиптир. Анын эти ысыганы жөн жерден эмес экенин баарыбыз билип турсак да, үн чыгарбай айта алган жокпуз.
Бирок, баарынан таң калганым. Ошол жылы окууну бүткөнүбүздө Айсулууну апасы Жалал-Абадка окутам деп алып барып, андан жакшы тааныш чыгып калып Ош мамлекеттик университетине тапшырып кетти. Азыр төртүнчү курста окуп жатат. Ал эми Жоки байкеси майга чейин келбей, 2 жыл болгон соң келип кетти. Ошол күнү түшүнө чоң энеси кирип: "Кызым, чакыраарын чакыртып алып узатпай койдуң" - деп таарыныптыр. Көпкө чейин өзүнө келе албай кыйналып жүрдү. Ал эмес Айнура да көпкө кыйналды. "Ошондо агай келип бузбаганда аягына чейин сөздөрүн айтып бүтүрмөкпүз" деп жүрдү.
Азыр айылга барып чогула калганыбызда ошондой жоруктарыбызды айтып таң калабыз. "Деги эр жүрөк экенбиз, коркпогон"
Булак: "Шамбала"