www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго Кыргыз Республикасыныни Өкмөт башчысы М. Д. Абылгазиевге

КАЙРЫЛУУ

Атамбаевдин мезгилинде "Кыргызгазды" 1 долларга Россиянын "Газпромуна" сатып, кыргыздар дүйнө жүзүнө уят болдук эле.

Ошондо Атамбаев: "Кыргызгаздын" 47млн. карызын кошо алды, силерге "Кыргызгаз" керекпи же арзан газ керекпи?, - деп 47 млн. долл. коррупциялык карызды, элдин карызы дегендей айтышкан. "Газпром" Кыргызгазды алары менен газдын баасын 4 сомдон 15 сомго дароо көтөргөн.

Эми болсо Президент менен Өкмөт жаңы технологияларга, санариптип башкарууга өтөбүз деп жатса, Россиянын "Газпрому" элдин газ счетчигин кайра механикалык счетчикке алмаштыруу менен алек.

Мурда профсоюз уюмун жоюп, Кыргызстанда "өзү билемдигин" кылып жаткан "Газпромдун", түндүгүңдү карап ышкыр - дегенге Кыргыз бийлигинин укугу, күчү барбы?

47 млн. долл. кимдин карызы болгонун элге айтабы? Биз ойлойбуз механикалык счетчикке өтүү, коррупцияга кайра кайрылуу - деп. Биздин үнүбүз Президентке, Өкмөткө жетеби же Кызыл-Омполдой пикетке чыкканда угушабы?

Туруктуу Элдик Кеңеш кыймылы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости