БОЛГОН ОКУЯ: "Күйөөмдү жакындан билген сайын жакшы көрүү сезимим өчө баштады"
Коом  |   |  5432

Көз ирмемде эле жашоом аңтар-теңтер болуп кетти. Эки жашар кызымды кучактап алып, үнсүз көчөдө олтура бердим. Бул дүйнөдөгү бар жыргалым, бар ырахатым ушул наристе кызым болуп, балапан сары чачтарын улам жыттап коем. Менин кабак кашымды, төгүп отурган көз жашымды байкаган кызым да мурдагыдай апасын кыйнабай бөдүрөйгөн көздөрү менен улам мени суроолуу карап коюп, өз оюну менен алек. 

Бала кезден жашоомдо бакыт издедим. Жомоктогудай бактылуулукту жараткым келди. Бирок кайдан? Турмуштун баары сен ойлогондой боло бербейт экен. Турмушка узап жатып, бакыттын эң бийик чегине жеткендей болгом. Бирок ал бакыт узакка созула бербеди. Күйөөм экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестиктер башталды. Аны күн санап жакындан таанып, барган сайын ага болгон жалындаган сүйүүм, аны жакшы көрүүм өчүп, мамилебиз муздап баратты. Иш болобу, күнүмдүк тириликтеби, баарын чын жүрөктөн жасап, күйөөмдүн жакын адамдарын жакшы көргүм келчү. Бирок ал кылган ишимден кыйкым издеп: “Сен бул жерден мындай кылышың керек эле, андай кылбай койдуң. Мындай деп сүйлөшүң керек эле, антип сүйлөбөй койдуң” деп күндө кайталанган майдачылдыгы тажатып баратты. Мен баарын сыйлагым келчү. Көңүлүмдүн тереңинде ошондой сезимдер удургуп турчу. Аны түшүнө албады. Сезимдерди бийикке койгум келчү. Көңүлдөрдү көкөлөтүп бага албадык. “Баары өзгөрүп кетет, оңолуп кетет” деп өмүр сүрө бердим. Баарынан да өкүнүчтүүсү -- күйөөмдүн башка айым менен болгон мамилесин билип калдым. Көз ирмемде жашоом аңтар-теңтер болуп кетти. Айталбай жүргөн сөздүн баарын айттым. Кызымды жетелеп үйдөн чыгып бараттым. Эми кайрадан ал босогону аттаймынбы, жокпу мен үчүн белгисиз. Жапжалгыз туман арасында калгандаймын...

 

Поделитесь с друзьями