www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роза Айтматова «Манас» ордени менен сыйланды

Бүгүн, 20-январда  «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында  сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Анда көп жыл боюу  үзүрлүү эмгектенген, мекенине болгон ак ниеттүүлүгүнүн  аркасынан, жалпы журттун терең урматына ээ болгон,  эмгек адамдары сыйланды.

Сыйлыктарды мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тапшырды. Улутубуздун сыймыгы Чыңгыз Төрөкуловичтин бир тууганы, атанын татыктуу кызы, Роза эжебиз өз эмгеги менен журт арасында кадыр-баркка ээ. Мамлекеттин өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп келүүдө. Мына ушул эмгеги үчун Роза Айтматова  Манас» ордени менен сыйланды. 

Мындан тышкары, актер Табылды Актанов , тарыхчы Өскөн Осмонов, Тажибаев Абдиваит  «Манас» ордени менен сыйланышты.

“Өлкө башчы алардын мамлекетке кошкон салымын белгилеп: «Бул урматтуу инсандарыбыз өзүнүн эмгекчилдиги, эл-жерине өтөгөн таза кызматы аркылуу “Манас“ орденине татыктуу болушту», – деп билдирди президент.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости