www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламатсыздарбы, мен сиздерге башымдан өткөн окуялар менен бөлүшөйүн деп чечтим.

Жогорку окуу жайды бүтүп, иштеп жүргөн кезимде аз убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп, турмуш курдук. Күйөөм менен сүйлөшүп жүргөн убакта үй-бүлөсү кандай экенин билген эмесмин. Ошол үйгө барганы көңүлүм толуп, сүйүнгөн учур болгон жок. Жада калса менин ата-энеме жиберишпейт.

Сен деген келинсиң деп баарынан төмөн көрүшөт.  Жолдошумдун эжелери мени жектеп, кылагнымдын артынан кынтык таап, мээме чай кайнатып баштады. Кайда барбайын менин артымдан сая түшүп, жеке жашообузга ашкере эле кийлигишип алышкан. Же күйөөм эркектей болуп чечкиндүү сөзүн айтпайт. Калыстык сөзүн айтып койсо да балким токтоп калышаар беле.

Балалуу болдук, баламды бир тууганынын баласындай көрүшпөй, кичинекей наристеге зарын чача карашып, жылан уусун чачкандай сөздөрүн сүйлөгөндө жүрөгүм сыздап кетет.  Башым айланып, жашого болгон кызуугум өчүп калды. Алардын негативдүү сөздөрү бүт дүйнөмдү ээлеп, баягы жайдар мүнөз, кичи пейил кыз кейпимден кетип баратам.

Азыр олтурсам-турсам кайнежем качан кирип келип сабап жиберет деген коркуу сезим менен жашап жатам. Алар мени адам катары көрбөй, кемсинткенде бул жашоо менен кош айтышкым келет.

Буга чейин ажырашам деген ойлор менен жашап келдим. Бирок баламды атасыз калтыргым келбейт. Мындай үй-бүлөгө туш болгонума өкүнөм.

Кыздар башында уялбай жигитиңердин ата-энеси, туугандары менен таанышып, алар жөнүндө билип анан турмушка чыккыла.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости