www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билдирүүдө БУУ ири масштабдагы согуштук аракеттер тууралуу маалыматтарга тынчсызданып жатканы жана зомбулукту айыптай турганы айтылган. Коопсуздук кеңешине мүчө 15 өлкө Армения менен Азербайжанды ЕККУнун Минск тобунун алкагында сүйлөшүүгө үндөөдө. Топ 1992-жылы Тоолуу Карабактагы жаңжалды тынч жол менен чечүү жолдорун издөө максатында түзүлгөн. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.

Мунун алдында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян аскердик жардам алуу тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшпөгөнүн билдирген. Анын айтымында, Москва бул жаңжалда бейтарап позицияны карманууда. Пашинян армян тарап азырынча өлкөдөгү 102-орус аскер базасын колдонууга муктаж эмес экенин да белгилеген.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган. Тоолуу Карабак администрациясы 86 жоокеринин өлгөнүн билдирди. Карапайым кишилердин арасында да мерт болгондор бар. Азербайжан өз армиясындагы жоготуулар жөнүндө маалымат бере элек. Ошол эле маалда Баку жай тургандар арасында 30дай киши жабыр тартканын билдирүүдө.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости