www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-сентябрда АКШда президенттикке талапкер Дональд Трамп менен Жозеф Байдендин ортосундагы биринчи теледебат өттү. Коронавирустун айынан кол алышпай башталган дебат катуу ачуу сөздөр жана айыптоолор менен башталды.
Тактап айтканда, Байден Трампты кемсинтип, аны "АКШнын тарыхындагы эң начар президент", "клоун", "Путиндин күчүгү", "жалганчы" деп атап, аны расизмди козутуп жатат деп айыптады. Трамп өз кезегинде Байденди, акыл-эс дараметине шек келтирип, уулунун Украинада жасаган иштерин коррупцияга теңеди.
Тараптар коронавирус пандемиясы жөнүндө сүйлөшкөндө, өтө күчтүү "күрөшүү" болду. Байден Трампты бир нече ай бою вирусту көз жаздымда калтырды деп айыптап, натыйжада курман болгондордун саны өскөнүн айтты. Трамп Байден президент болгондон кийин курман болгондордун саны миллионго жетерин жана өлкөнүн экономикасы кыйрайт деп нааразычылыгын билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин, 23-сентябрда Трамп бийликти тынч өткөрүп берүүгө кепилдик бербей тургандыгын билдирип, жарандар эки жолудан добуш бериши керек деп билдирген. АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын 3-ноябрында өтсө, Байден менен Трамптын кызыктуу күрөшү башталганы турат.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg