www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда социалдык тармактарда партияларга болгон бири-бирин каралоо күч алды. Айрыкча чындыкка дал келбеген фейк маалыматтар басымдуулук кылууда. Алардын катарында №4 тизмеден орун алган “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы алдыңкы сапта турат.
Социалдык тармакта тараган “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодон четтетилди” деген маалыматка жооп катары депутаттыкка талапкер Канатбек Азиз:
--Cоцтармактарда белгисиз себептерден улам “Мекеним Кыргызстан” партиясы жакынкы эки-үч күндүн ичинде парламенттик шайлоодон четтетилди” деген туура эмес фейк маалыматтар тарап жатат. Мына ушул өңүттөгү арзан, натыйжасыз маалыматтар менен шайлоочулардын ишенимин жоготобуз дегендер көбөйдү. Жогорудагы маалыматтар туура эмес, чындыкка дал келбейт”, - деди ал.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышууда.
Булак: NazarNews.kg