www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул сырым менен блш турган киши жок. Күйөгө тийгениме 3 жыл болду кызым бар. Баягы эле кайын журтта көйгөй. Төрөгөнчө жанталашып иштедим, батирде турабыз бир эле киши иштесе акча жетишпейт билесиңер. Жумушум мамлекеттик болгондуктан каалаганда суранып чыгалбайм. Документер менен иштейм. Кайын эне чыкырды кечке кел деп, жумушумдун айынан баралган жокмун. Жумушка 7:30дан 18:30 иштечимин. Таң атпай туруп кетип, үйгө кеч келип жүрүп 7 айда “угроза” болуп, эрте төрөт башталып, кан агып атып, жакшы болуп 39 жумада төрөдүм. Ошону деле түшүнбөй, кечке чакыртып атып, баланы ойлоп төрөгөнчө барган жокмун. Жакын болсо бармакмын, ал жака жетиш учун шаардан баштап 6 саат жол жүрмөй. Төрөгөндөн кийин бир ай болбой жатып эле “кел” деп баштады. Бала жаңы төрөгөндө бир сыйра дарыгерлер көрөт да билесиңер да башын тартат. Ары-бери апалар же знаете ошентип жүрүп үч ай болгондо бардык. Күз болчу, октябрдын аягы, ал жака кар түшүп аябай суук экен. Барсак от жагып койушпаптыр, уйдун суугун айтпагыла же бала бар деп бир бөлмөгө жылыткыч сайып коюшбаптыр. Өзүбүз барып, түндө 12лерде от жагып, үйдү жылыттык. Анысына мейли. Баргандан кийин эт жок калбай калды деп эт жок тамак жазап жүрдүм. Анда көп деле маани бербептирмин.

Жаман оюм жок 10 күндөй жүрдүк. Анан эртең кетебиз дегенде кой сойуп калышты. Анан эртең менен кичине эт асып койуптур, кайын энем “шашпай кетпейт белеңер, шашып калдык койду союп” деп. Аябай жаман болдум, ушунча жүргөндө деле сойсок болмок, малдары бары эле үйүндө. Мейли ага деп унутуп койдум. Жентекти да небересине өткөзөм же өткөзүш керек деп эч унчуккан жок. Жентек болбосо да менин апам ырым кылып, мал союп ырымдап коелу деди.  Анан кызым бир жашка чыкты, бир жаштан өтүп тушоосун кесишти, кайын энем эч эле үн чыгарган жок.  Аны да менин апам «мен эле кесип коем” деп кести. Күйөөм апасына айтса менин кайын энем “антип эчкимиңерге эштеке кылган эмес, мен андай нерселерди билбейм” дептир.

Аябай таң калдым, каташып жүрөтго кошуна, аяштары менен. Кантип жентек тушоону билбесин. Чынын айтсам, биз чалбасак өзү чалып небересин сурап койбойт. Чоң энеси төрөгөндөн бери бир чалып сураган. Дайыма мен чалам, кичине чалбай жок болуп кетсем ыйлап, баласына чалат, “менин акбалымды сурабайсынар” деп. Анан бир жума чалбай коюп чалсаң телефонду албай коркутат. Дагы к өп фокустарды көрсөттү. Эч бир айтышып, жооп берген жокмун. Март айында кайын энемдин апасы өтүп кетип, карантин болуп биз баралган жокпуз. Чалсам өчүк экен, эртеси алган жок. А кой эми, боз үйдө отурса да кечке чала бербейин койуп келсе чалам деп койдум. Анан кийин чалсам албай мени коркутуп “сен сразу чалган жоксуң” деп кыйкырып мени угуп да койгон жок. Телефонуңар өчүк экен деп айтайын десем сөз берген жок. Ошондон кийин такыр чалган да жокмун, ушул малга чейин сүйлөшкөн жокмун. Мага эмес, баласы чалмайынча “силер сурашыңар керек” деп чалып ден соолугун сурабайт. Небереси 2ге чыкты, бир чалып койгон жок. Күйөмө чалбаптыр, эмне кылышты да билбей калдым.

Интернет булактарынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости