www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга ушул жылы жети ай ичинде 14 миллиард 300 миллион 646 миң сомго дары-дармек жана медициналык каражаттар алып келинген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармектер жана медициналык техника менен жабдуу департаментинин маалымат кызматы кабарлады.

Эгер салыштырып айта турган болсок, 2019-жылы ушул убакта сумма 12 миллион 601 миң 259 сомду түзгөн. Мында кеп дарыны сырттан ташып келүү тууралуу болуп жатат.

Жогорудагы сумманын (14,3 миллиард) 2 миллиард 149 миллион 283 миң сому коронавирус менен күрөшүү үчүн дары-дармектерге жана медициналык каражаттарга сарпталган.

Департамент белгилегендей, бийлик органдарынын, фармацевтикалык компаниялардын, жеке жана эл аралык уюмдардын, ыктыярчылар менен активисттердин жардам берүүсүнүн натыйжасында медициналык каражат жагынан өксүк болгон жок. Ошондой эле Бишкекте дагы коронавирусту айыктырган дарылардын жетишсиздиги жоюлуп баратат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости