www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн дагы көнүп бүткөндөй, жин тийген күндүн бири өттү. Жашоого жетелеген үмүттүн дагы бир шооласы өчтү. Күндө кеч киргенде, ушундай сезим кайталанат. “Эртең да дал ушундай болот” дей берет бул жашоодон тажап. Бала желеге чалынып чыга албаган чиркейдей жанын кайда коёрун билбей буйдалана берди. Таң атса эле бул күн да өтүп кетмек. Күн шооласы анын төшөктөн чыгып калган арык мойнун кытыгылап ойготуп, “ата-энең бүгүн келет, тур, балким, жолдо келаткандыр” деп жаткандай туюлат эле.
Бирок, кеч кирип кетсе эле үмүткө жетелеген күндүн бири өчөт. Караңгылык менен туӊгуюк кошо келгендей, бул жашоодо, бул жер жүзүндө жалгыз өзү калгандай кичинекей жүрөгү токтоосуз туйлайт. Көкүрөгүнө жаш толуп калгандай муунуп, бакырып ыйлагысы келет, ыйлай албайт. Бала төртүнчү класста окуйт. Бирок, ал өзүн узак-узак жашагандай, ошол узак өмүрүндө ата-энесин күтүп жүргөндөй…
Тышка чыгып, үйдүн жанындагы эски жепирейген жаман кепеге бет алды. Бурчта чаң басып кыйшайган челекти темтеңдеп көтөрүп келип, өзү күндө көлөкөлөп ойногон бак түбүнө койду. Кичинекей колу менен жиптин бир жагын өзү чыгып ойногон жоон бутакка байлап секирип түштү. Бирөө кармап калчудай шашылды. Жип карт алмуруттун бутагына бекем байлангандан кийин, көмкөрүлгөн жаман челекке чыгып, бир нерселерди ойлогондой шашпай туруп калды. Балким аны сыртынан көргөндөр эч нерсе менен иши жок, ойлонгонду деле билбеген кичинекей жан катары сезишкендир. Бирок, бул жолу ал көп адамдар көңүл бөлбөгөн жылдыздарды көпкө карады. Адам баласы, анын жаралышы, турмуш-жашоо, сагыныч, кусалык жөнүндө ойлоду.
Таң атканда эле бул балекет түн да өтүп кете берет беле? Ооба, таң атса эле күндөгүсүндөй жеңи кирдеп бүткөн жаман кофтаны жонуна салып, курсагынын ачкасына карабай, үстөл үстүндө майлык менен жабылган нандан бирди колуна кармап, эшикти көздөй атып чыкмак. Айыл четине барып, чоң жолду карамак. Ушул жол аны ата-энесинен айырган. Кайра ушул жол аларды алып келсе керек деп үмүттөнчү ал. Тайенеси экөө ушул жолдон ата-энесин узатып калган. Ошондо тайенесинен колунан колун жулуп алып, ыйлап-боздосо да, аларды ээрчип кетсе болмок экен. Ал ушул ойду көп жолу ойлонду. Бирок, табиятынан тартынчаак, оюн ачык айта албаган жаны ата-энеси автобуска түшүп кеткиче карап, көздөн жашын чубаткандан башка айла таппай кала бербедиби. Ошондуктан бул айылга күнүгө эртең менен, анан кечинде эки маал каттаган автобустун жолун тосуп чыгат. Болгон үмүтү ушул шалдыраган автобуста.
Анын ар бир күнү дал ушинтип башталат, эртең мененки автобустун жолун тосмой. Андан соң түндө сыздаган жүрөгү басылып калгандай, бала неме оюнга алаксыйт. Оюн дегенде эмне, балдарга да көп кошулбайт. Бир кезде тайатасы тигип койгон он-он беш алма бактын эң четинде өскөн карт алмуруттун түбүндө көлөкөдө олтурат. Жерге чыбык менен сүрөт тартып же атасы ичпей келген күндөрдүн биринде таарылган жыгачтардын калдыгынан жасап берген жүк ташыган машинасы менен миң алекетке түшмөк. Ал дагы жакшы жүрбөйт. Дөңгөлөк дегенден эч нерсе жок болсо кайдан жүрсүн? Атасы да өз турмушуна окшогон машине жасап бергенин карасаң. Эптеп эле машине аты бар. “Апам менен атам келгенде, балдардыкына окшогон машина алып берет. Анан мен дагы аны менен ойнойм. Бирок, сен таарынба, менин ак тулпарым, сени да таштабайм. Экөөң менен тең ойнойм,” – деп жыгачтан жасалган кыйшайган машинасы менен сүйлөшүп, “Вуум, вуу-уум,” – деп оюндун кызуусуна киргенде, тайенесинин ачуу үнү угулду.
– Ай, сетер, үйдү жыйнадыңбы? Бир пайда келтирсең боло? Сенин азабыңды тартып жүрүп өтөт экемин го. Алкаш атаң кызымды ээрчитип кетип, мени сени менен азапка салып койбодубу.
Ал кыйкырганда, оозунан арак бур этти. Бала бул жашоодо бир гана нерсени жаман көрсө, – ушул жыт. Атасы дал ушинтип жыттанып келгенде, алгач анын жанына барып эркелей берчү. Бирок, бир жолу ушундай жыттанып келип, апасы экөөнүн ортосунда чыр чыкканда апасын да, аны да чаап жиберген. Ошондон кийин атасынан ушундай жыт келгенде, апасы запкы тартып калбаса экен деп корко берер эле. Ал эми тайенеси болсо, андай деле уруп жибербейт. Урушат, кыйкырат. Кээде көңүлү ачылганда, жалынып калмайы бар. Бирок, аны карап, кийим-кечесин тазалап, сабагына жардам берүүнү билбейт. Акыркы күндөрдө болгону арак ичүү менен алек болуп калды.
Эртең мененки саат 11де бала башкалардан кем калбай чолок кара костюм-шымын кийип көчөгө чыкты. Бекболот менен Элдос кетип баратат. Кошуна балдар чогуу окушат. Аларга чуркап жеткиси келди, тартынды. Экөө дагы аны көрүп туруп эле токтоп койбоду. Бир нерселерди кызуу сүйлөшүп баратышат. Аларды кууп жетип, жанына басса кандай болот? Кагып жиберсечи? Ошентип ойлоп, аларга жакындабай артынан ээрчип кете берди.
Класска кирип, ордуна олтурду. Биринчи сабак сүрөт болмок экен. Чети бүктөлүп кирдеген альбомун алып чыгып кубанып алды. Анын эң жакшы көргөн сабагы ушул. Бул сабакта эжейи да көп урушпайт. Беш алса, ушу сабактан алат. А башка сабактарынан деле начар окубайт. Балдардын жоон ортосунда. Бир гана үйдө анын сабагы менен иши болгон адам жок. Ал тургай дептери түгөнсө, алмаштыруу тозоктун оту. Тайенеси акча алганда, жетип-жетпегендей окуу курал алып берген. Сабактан мугалим: “Кимде ашык дептер, кимде калем бар?” деп сурап балдардан дептер, калем алып берген күндөрү көп.
Баланын аты – Адил. Ата-энесинин тун баласы. Ал төрөлгөн учурда жаш үй-бүлөнүн турмушу оор болду. Атасы Кабыл дагы көп ичип, колуктусу экөө көп таарынышты. Апасы Гүлзат баласын ээрчитип, энесинин үйү – ушу жерге келген күнү көп. Бирок, Адил атасы, апасы менен бирге жашаган күндөрдү жактырчу. Акыркы жолу атасы келгенде, бала үйгө барып бирге жашайт экенбиз деп абдан сүйүнгөн. Кубанганынан көчөгө чыгып, чаңдатып ары-бери чуркаганычы. Көрсө, ал апасын эле алып, Россияда жаңы турмуш баштоо үчүн келген экен. Гүлзаттын атасына койгон шарты да ушул болчу. Атасы Кабыл акча, жумуш тапканда гана аны менен бирге жашамак. Бул жолу чоң атасы энчилеген торпокту сатып, Гүлзатты Россияга алып кетүү үчүн келген тура. Алар жетелешип кетишти. Кабылдын ичкени Россияда да азайган жок окшойт. Көнгөн адат калбаптыр. Ал ичкенде Гүлзат тигил жактан да курбусунукуна кетип калып, башка бир адам менен таанышып, ага баш кошкон экен.
Биринчи класска киргенде апасы ушул мектепке ээрчитип келген. Жашоосундагы эң жакшы учур – ошол күн; анда балдар да минтип бөлбөй, үстүндөгү костюму да жаңы эле. Апа-бала бир жыл чогуу жашады. Анан ата-эне алыс сапарга кетип, ошол боюнча келген жок. Арадан дагы бир жылдан ашык убак өттү. Башында атасы да, апасы да телефон чалып калышчу. Кийин экөө тең сүйлөшпөй калды. Эгер алар телефон чалса, Адил:
— Бул жакка келгилечи, силерди сагындым! – деген сөздү айтат эле. Ушул үч ооз сөздү ал жаттап да бүткөн. Аны ичинен кайталаган сайын тамагына ачуу жаш келип, көзүнөн мөлт-мөлт жаш кулайт.
– Адил, мен сага канча айтам, чачыңды кырктырбайсыңбы. Биздин класстын көрүнүшүн сен артка тартып атасың. Кулагың угабы? Эртең ушинтип келсең, окууга киргизбейм. – Жаш мугалим ага ушинтип катуу айтты. Ал Адилдин жашоосун сезсе кана? Адил болсо башка кароосуз балдардай мектептен качып да кеталбайт. Табиятынан жумшак мүнөзү ага жол бербейт.
Үйгө келип эжейинин “чачыңды кырктыр” деген сөзүн эстеди. Диванда чала мас, башы ооруп жаткан тайенесинин жанына барып:
– Тайене, чачымды кыркып берчи. Мугалим эжем эртең кыркмайынча келбе деген, – жалооруй тигилди.
– Эмне? Чачың жакшы эле турат. Алар сенин чачыңа асылганча, сабакты жакшы окутсунчу. Айтып кой, сага тийишпесин. Бар, башымды оорутпа. Ансыз да баш оору болуп жүрөсүң.
Бала эмне кыларын билбеди. Бир аргасы гана бар – чачын өзү кесип көрсө бекен. Болбосо башка кимге барат? Ичкиликтен башы чыкпаган атасы алыста. Демейде үйрүлө түшүп, карегине жалынган апасы жакында балалуу болуп, ошонусу менен алпурушуп жатканын уккан. Тайенеси мас болгондо, мунун баарын айтып, кыйкырып-өкүрүп урушуп алган. Апасы башка күйөөгө тийип, балалуу болгонун алгач укканда, жүрөгү тилингендей канап, жаман кепеге жашырынып кирип, кулундай чыңырып ыйлаган. Чаңырган менен үнү да чыккан жок. Бул тээ көмөкөйдөн чыккан чаңырык эле. Ушунчалык күч менен ыйлаган, бирок үн чыккан эмес. Эгер анын ыйында кандайдыр күч болгондо – жерден жараңка кетет беле? Адам эмес, аалам кошо ыйлайт беле? Ушу кичине жандын кайгысы, сагыныч-кусасы шамалга айланса, бул жер жүзү кыйрамак. Жашынын күчүн сезген жан болсо, топон суу каптагандай болмок. Бирок, ал өз кайгысын эч кимден чыгаралбайт. Сагынычын эч кимге айта албайт. Аны өз денесине, кичине денесине гана батырат. Эч кимге таарынганды деле билбейт.
Адил күзгүнүн маңдайына барды. Алгач маңдай чачын кесип көрдү. Жакшы эле көрүнүп калды окшойт. Анан бир тал чачын кармап кести. Анан дагы бирин, дагы бирин, дагы, дагы… Ошентип тегиздейм деп чачы өйдө-ылдый болуп бир укмуш. Чуркап барып чакадагы суудан колуна уучтап башына куя берди. Кайра күзгүгө чуркады. Турмуш аны кандай шылдыңдаса да көтөрмөк. Бирок, эртең сабакта балдардын каткырып күлгөнүн элестеткиси келбеди. Эмне кыларын билбей селейди. Акыркы үмүтү – атасы же апасы кечки автобус менен келип калганында эле…
Башына өңү өчкөн жаман кепкасын жамшыйта кийип, айыл четиндеги чоң бактын жанына көк шиберге жата кетти. Кечки автобус келчү маал. Көк шиберде көктү карап жатып, булуттарга суктанат. “Кандай аппак? Эх, канатым болгондо… Ушул булуттун үстүнө чыгып алып, классташтарыма байкоо салсам. Алар мектепке барчу жол менен кырдан ылдый түшүп баратканда, булуттарга жашынып, аларга көрүнбөй: “Эй, балдар, мындан кийин Адилди шылдыңдачу болбогула!” — деп үнүмдү корулдатып жасап айтсам, алар коркконунан: “Макул, макул” дешип, мектепке чуркашса” – бул анын кыялы. Кыялданып жатып, машинанын дүрүлдөгөн үнүн уккандай болду. Мына, көп күттүрбөй автобус да келди. “Бир бут түштү, эки бут түштү” деди автобустун ары жагынан денеси көрүнбөй, автобустун астынан көрүнгөн буттарды санап. Автобус жылып кетти. Булар ата-энесине такыр окшобойт. Бири аркы кошуна Калдыбай экен. Дагы башка экөө чоочун аялдар.
Адил үйүнө келгенде, кеч кирип калган. Үйдө тайенеси жок экен. Дагы арак издеп кеткендир. Эмнегедир бүгүн акыркы үмүтү үзүлгөндөй болду. Жанатан жипти байлаганы да ушул. “Муунуп өлүптүр” дегенди угуп жүргөнү бар. Ушинтип эле муунса керек деди ал. Жипти мойнуна салып, бут алдындагы челекти тээп жиберди. Анын кичинекей денесин көтөрүп турган жаман челек кыйшайып барып, тоголонуп кетти. Акыркы жолу “Апа!” деди жарыкта…
Автор: Жумагүл Барктабасова
Булак: NazarNews.kg